Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:18

БОРБОР АЗИЯДА БИЙЛИКТЕГИ АДАМДЫН КУДАСЫ БОЛУУ КООПТУУ


Борбор Азияда президенттердин тууган-урук, кудаа-сөөктөрү каадалуу кызмат орундарына оңой эле келип, мамлекет башчысынын канаты астында зор таасирге ээ болушат жана чоң бизнес империяларды курушат. Бирок кээде туугандар, көбүнчө кайын-катнаш ортосун кара мышык аралап, айрымдарын алдындагы кызмат ээри гана кыйшайбастан, айрым учурда башынан да айрылып калышат, же ушундай коркунучка --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/97EC80BC-B77A-4FCF-BD13-7F5443370456.asp туш келишет.

Советтик системада бийликке тиши өтпөй тургандыгын жакшы билген карапайым советтик жарандар "өтө бийик көтөрүлбө, кулаганда жамбашың аман калат" деп айтышчу.

Пост-советтик Борбор Азияда бул сөздү айрыкча бийликтин эки тизгин бир чылбырын чапчып отурган мамлекет башчыларынын кайын-журтуна карата айтса жарашчудай.

Тажикстанда Хасан Садулоев колхоздогу катардагы эле жумушчу болуп жүрчү. Бүгүн ал өлкөдөгү эң ири банктардын бири – «Ориент» банкты жетектейт, ага дагы 13 ири компания тиешелүү деп айтышат. Бирок аны тажиктер биринчи кезекте президент Эмомали Рахмондун кайниси катары билишет. Мына эми Садулоев мындан бир ай мурда дайынсыз жоголгон бойдон табыла элек. Жергиликтүү гезиттер "Садуллоевди Рахмондун балдарынын бири өлтүрүп, же оор жарадар кылган" деп жазышууда.

Додожон Атовулло - диссидент-журналист, Рахмондун режиминен качып, көп жылдардан бери Москвада жашайт. Анын айтымында, Садулоевду "саясий амбициялары" үчүн көзүн тазалашты:

- Кийинки кездери Хасан Садулоев "эгер президентке бирдеме болсо, анын ишин мен алып кетем" деп, өзүн Рахмонго альтернатива көрө баштаган. Тажикстанда бийликтин эки очогу болуп калган: бири Рахмондун, экинчиси Садуллоевдин айланасында.

Казакстанда президент Нурсултан Назарбаевдин кызы Дарига менен ажырашып кеткен Рахат Алиевди жакында казак соту сыртынан соттоп, 40 жылга эркинен ажыратты. Ал азыр Австриянын баш калаасында сүргүндө, кайнатасынын былыктарын "төкпөй-чачпай, америкалык сотко айтып берем" деп беленденип турган кези.

Кезегинде Алиев да көптүн бири катары, врач болуп иштечү. Бирок тез эле жылдызы көкөлөп, чоң кызматтарда отурду. Дарига менен ажырашканда, Казакстандын Венадагы элчиси болуп иштеп жаткан.

Алиевден ажырашып кеткени менен, Дарига Назарбаева да жазасыз калбаганы көңүл бурдурат. Күйөөсүнүн айланасында жаңжал чыккандан кийин анын "Асар" партиясы иш жүзүндө таркап кетти. Дариганын саясаттагы таасири да солгундап калды.

Өзбекстанда президент Каримовдун кызы Гулнара теги ооган, америкалык ишкер Мансур Максуди менен ажырашкандан кийин, Максудинин Ташкендеги урук-туугандарын автобус менен Ооганстандын чегарасына алып барып, ары түшүрүп салышкан. Ал эми анын «Кока-Кола» менен биргелешкен фирмасынын 3 ишканасын милиция тинтип, жумушчулары куугунтукка кабылган.

XS
SM
MD
LG