Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:58

ОРУСИЯ МОЛДОВАНЫН АЙМАКТЫК БИРИМДИГИН ТААНЫЙБЫ?


Соңку окуялар Молдова Орусиянын --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/F4F2F7D7-0849-417F-BBA4-E93286002320.asp канатына ыктай баштагандыгын көрсөтүүдө. Ушул аптада Кишинев өкмөтү НАТОго кирем дебей, Москванын таасир чөйрөсүнөн чыкпаса, Днестр жумурияты Молдовадан бөлүнүп кеткенден башталган жаңжалды Орусия жөнгө сала тургандыгын айгинелеген макулдашуу тууралуу белгилүү болду.

Бул жаңжалда Орусия Молдовадан өз алдынчалык жарыялаган Приднестровиени колдоп келген эле. Мына эми Кремл саясатын кескин өзгөртүп, жаңжалды Молдованын аймактык биримдигин сактоо менен жөнгө салууга артыкчылык береринин ишаратын кылууда. Москва Днестр жумуриятында турган бир жарым миң аскеринин бир бөлүгүн да чыгарып кетет окшойт. Бул үчүн Кремл Кишиневден НАТОго кошулууну оозанбоосун, ошондой эле Грузия, Украина, Азербайжан да кирген ГУАМ уюмунан чыгып кетишин суранууда.

«Азаттыктын» румын-молдован кызматы менен маегинде Молдованын тышкы иштер министри Андрей Стратан Кишиневге Орусия кысым көрсөтүп жаткан жок деп ырастады:

-Биз багынып жаткан жокпуз. Биз бул көйгөйдүн Молдованын кызыкчылыгында чечилишин каалайбыз. Биз Молдованын аймагын бириктирип, Днестр жумуриятында акыйкаттык орнотууну, Днестр дарыясынын эки өйүзүндөгү элди кайра бириктирүүнү максат кылабыз. Биз бул маселени Вашингтондогу кесиптештерибиз менен да, Брюсселде да талкууладык. Мына эми маселени Москвадагы кесиптештерибиз менен сөз кылдык.

Грузиядан айырмаланып, Молдова башынан эле НАТОго кирүүгө далалаттанган эмес. Батыш менен алакасы бар болгону менен, ал мамилеге баш-оту менен берилген да эмес болчу. Ошондуктан Молдованын Орусия менен алакалашуусун таптакыр күтүлбөгөн окуя деп эсептөөгө болбойт. Бул тууралуу Москвада чыгуугу "Орусия дүйнөлүк иштерде" басылмасынын редактору Федор Лукяновдун сөзүнө кулак салсак:

- Тбилиси өзү алган багытты, Орусияга каршы багытын жашырбайт. Кишинев болсо НАТОго кошулам деп кыялданбайт, ал Орусия менен мамилесин жакшыртууга аракет жасап жатат.

Акыркы жумаларда Кишинев менен Москванын ортосунда дипломаттар ат тезегин кургатпай каттап калган.

19-20-май күндөрү Молдовада Орусиянын Федералдык кеңешинин жетекчиси Сергей Миронов болуп кеткен. Андан эки күндөн кийин Молдованын парламенти өлкөнүн нейтралдуулугун бышыктаган жаңы улуттук коопсуздук стратегиясын жактырды. Көп өтпөй президент Воронин бул стратегияга кол коюп, күчүнө киргизди.

Ал эми ушул аптада Молдованын тышкы иштер министри Москвага барып кайтты. Андан кийин, Орусиянын Мамдумасынын КМШ өлкөлөрү боюнча комитетинин төрагасы Алексей Островский Днестр жумуриятынын баш калаасы Тирасполдо болуп, жумурияттын башчысы Игорь Смирновго "Орусия Днестрдин өз алдынчалыгын таанууга даяр эмес" деп айтты.

XS
SM
MD
LG