Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:14

М.КАРАТАЕВ: "АЙТМАТОВДУН САЛАМАТТЫГЫ БИР КАЛЫПТА"


Маектешкен Аманбек Жапаров, Бишкек Бүгүн Бишкекте Евразия Экономикалык Шериктештик уюмуна кирген мамлекеттердин саламаттык сактоо тармагынын жетекчилеринин катышуусунда чоң жыйын өткөнү турат. Буга байланыштуу “Азаттык” үналгысына саламаттыкты сактоо министринин орунбасары Мадамин Каратаев маек куруп берди.

-Мадамин мырза, анда ушул жыйын тууралуу кененирээк айтып берсеңиз, кайсы маселелер козголуп жатат?

-Бүгүн өтө турган жыйынга Казакстандын саламаттыкты сактоо министри, Орусиянын, Тажикстандын, Белорусиянын, Өзбекстандын саламаттыкты сактоо министринин орунбасарлары келишти. Андан сырткары ушул уюмдун секретариаты дагы катышат.

Бул отурум бүгүн жана эртең Бишкекте “Ак кеме” мейманканасынын конференция залында өтөт. Мунун негизги максаты – ушул өлкөлөрдө болуп жаткан саламаттыкты сактоо тармагындагы өзгөрүүлөр, жагдайларды чечүүгө байланышкан. Бул жерде өтө жугуштуу ооруларды алдын алуу, билим берүү, кадр маселелери дагы каралмакчы. Үчүнчү негизги блоктордун бири – Жогорку технологиялык фонд боюнча бири-бирине жардам берүү, карым-катнаштык боюнча квоталар маселелери каралмакчы.

-Маданимин мырза, эки күнгө созулчу иш-чарада дагы кайсы маселелер кененирээк козголот? Мисалы, ВИЧ СПИД дартын алдын алуу маселеси каралабы?

-Бизде Евразия Экономикалык Шериктештик уюмуна кирген өлкөлөрдүн интеграциялык комитеттин мүчөлөрү карай турган маселелер эксперттик топ менен жумушчу тобу тарабынан даярдалыш керек. Анан ушул маселелер боюнча чечимдер кабыл алынат. Ошон үчүн жумушчу тобу түзүлүп, ар бир республика өзүнүн оюн айтып, ошонун жетекчилери пикир бөлүшөт. Ошондуктан сиз айткан маселе бар.

Бүгүн 10до башталгандан кийин комитеттин мүчөлөрү добуш менен күн тартибин бекитиши керек. Ушул боюнча долбоорду бардык мамлекеттер алган. Долбоорду карап чыккандан кийин кайсы маселелер каралышы керек, кайсы маселелерге даярбыз деп, секретариаттын маалыматынан кийин такталып, мүчөлөрү бекиткенден кийин бардык маселелер каралат.

-Мадамин мырза, Чыңгыз Айтматовдун денсоолугунан кабар алдыңызбы?

-Жазуучунун денсоолугу боюнча биз кабар алып турабыз. Мен кечээ кабарлаша алган жокмун. Бирок биз байланышып турабыз. Чыңгыз Айтматовдун саламаттыгы азыр бир калыпта. Орто оор абалда болуп турат. Германиядагы Нюрнберг клиникасында жогорку квалификациядагы адистер карап, денсоолугун байкап, керектүү нерселер жасалып жатат.

-Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG