Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:19

РИМДЕ АЗЫК-ТҮЛҮК САММИТИ АЧЫЛДЫ


Римде Улуттар Уюмунун демилгеси менен чукул чакырылган азык-түлүк форуму --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/06/AB58C25D-E854-441C-8E91-2E09F4BAB191.asp башталды. Баш катчы Пан Ги Мун жыйында доклад жасап, дүйнөлүк бул кризисти ооздуктоо үчүн бардык өлкөлөрдүн биргелешкен чукул аракети керектигин белгиледи. Форумда биологиялык отунга өсүп жаткан керектөө жана дүйнөлүк климаттын маселелери да сөз болот.

Баш катчы отуз сегиз беттен турган докладында форумдун катышуучуларына кризисти ооздуктоо чараларын сунуш кылды. Алардын жалпы наркы 15 миллиард долларга жетет. Чукул арада көрүлө турган чаралар кризистин жакынкы аралыктагы салакаларын жеңилдетүүгө арналган, калган кадамдар кийинчерээк барып үзүрүн берет.

Кыска мөөнөттүү милдеттер деп баш катчы экспорттук тарифтерди төмөндөтүү, жакыр-жалчы дыйкандарга субсидияларды ажыратуу иштерин атады. Эгер бул проблема тийиштүү тартипте жөнгө салынбаса, ал бир катар башка кризистерди пайда кылат. “Ачарчылыктан өткөн азап жок, анын үстүнө ал жасалма түрдө жаралып отурат. Бул адамдардын жаалына тийүүдө, акыры түбү ал экономикалык өнүгүүгө, социалдык прогресске, атүгүл дүйнөдөгү коопсуздукка кесепетин тийгизет”,-деп эскертти Пан Ги Мун.

“Бул кризис чыгар алдында эле дүйнөдө 850 миллиондон ашуун адам тамак-ашка жетинген эмес. Дүйнөлүк банктын эсептерине караганда, бул дагы 400 миллионго көбөйүшү мүмкүн. Эң жакыр-жалчылар тапкан кирешесинин үчтөн экисин жалаң тамак-ашка сарп кылат. Эң чоң сокку ошолорго тийүүдө”,- деп көрсөттү Пан Ги Мун.

Баш катчы алыскы мөөнөттө айыл чарбасына масштабдуу инвестициялар зарыл экенин белгиледи. Бул тармакка көп жылдар бою көңүл бурулбай келгендиктен азыр дүйнө анын чоң кунун төлөп жатат. “Өсүп жаткан керектөөгө шайкеш болуу үчүн 2030 жылга барып өндүрүш 50 процентке көбөйтүлүүгө тийиш”, - деп көрсөттү баш катчы жана муну “айыл чарбасын, айрыкча өндүрүш соңку жылдары төмөн болгон өлкөлөрдө аны модернизациялоонун тарыхый мүмкүнчүлүгү” деп атады.

Азык-түлүктүн кескин кымбатташы Улуттар Уюмунун тийиштүү мекемелери даярдаган докладдарда негизинен мунайдын асмандап кеткен баасы, Индия, Кытай өңдүү ыкчам өнүгүп жаткан өлкөлөрдө керектөөнүн күч алышы, климаттын өзгөрүшү менен байланыштырылат. Биоэнергия маселеси форумда айрыкча кызуу талаш-тартыштарды жаратат шекилди.

Жыйындын башкы демилгечиси – айыл чарба жан азык-түлүк боюнча дүйнөлүк уюмдун орунбасары директору Александр Мюллер дыйканчылык болуп көрбөгөндөй коркунучка туш келгенин белгилеп, ач-жылаңач миллиондогон адамдардын проблемасын чечүү үчүн азык-түлүк коопсуздугун, кымбат бааларды, климаттын өзгөрүшүн жана биоэнергия маселесин тутумдаш кароо керектигин билдирди. Кризис жаңы эле башталды, анын кыйгас маалы али алдыда турат, деп эскертти эксперт.

“Дүйнө экиге – арбайган ачкалар менен ыткыйган эткээлдерге бөлүндү, - деп жазды бүгүнкү санында испаниялык El Pais гезити. – Ооматы жоктордун оолатын 820 миллион киши, анын 178 миллионун жаш балдар түзөт. Ал эми эткээлдер жаатында ашыкча салмак алган бир миллиард киши бар, алардын 300 миллиону ушу тапта эле күпчүктөй болуп күлтүйүп алышкан”.

XS
SM
MD
LG