Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:17

Амирбек Усманов, Прага Чоң сегиздин, ошондой эле Кытай, Индия жана Түштүк Кореянын отун-энергия министрлери Жапонияда аяктаган жыйында дүйнөлүк базарда мунайдын баасынын --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/06/E4746805-F735-4CB5-BF83-C7982586786E.asp өсүшүнө байланыштуу түзүлгөн кырдаалды талкуулашты. Жыйын катышуучулары баанын дагы жогорулашына жол бербөө үчүн мунай экспорттоочу өлкөлөрдү кара май өндүрүүнү көбөйтүүгө үндөштү. Жума күнү Нью-Йорктун биржасында мунайдын баасы бир күндө 11 долларга жакын өсүп, 138,5 долларга сатылды. Буга чейин мунайдын баасы мындай кескин өскөн эмес.

Мунайдын кымбатташы дүйнөлүк экономикага кандай зыян тийгизет? Бул маселе Жапониянын түндүгүндөгү Аомори шаарында жекшемби күнү аяктаган жыйында талкууланды. Жыйынга өнөр жайы өнүккөн Чоң сегизге катар Кытай, Индия, Түштүк Кореянын отун-энергия министрлери катышты.

Нью-Йорк биржасында бейшемби күнү мунайдын баасы кескин жогорулап, анын бир баррели 138 доллар 54 центке сатылгандан кийин мунай базардагы өтө актуалдуу темага айланды.

Жапониянын соода жана отун кубат министри Акира Амари жыйында сүйлөп, эгер мунай кымбаттай берсе, дүйнөлүк экономика өспөй, артка кете турганын эскертти:

- Жакында бир баррел мунайдын баасы 130 доллардан ашты. Менин оюмча, бул нормалдуу эмес жана отун кубат коопсуздугу түгүл глобалдык экономикага да чоң коркунуч туудурат.

Талдоочулардын айтышынча, мунайдын баасынын жогорулашына Израилдин премьер-министринин орунбасары Шаул Мофас Иран өзөктүк программасын токтотпосо, өлкөгө сокку урулушу мүмкүн деп айткан сөзү жана АКШ долларынын арзандашы себеп болгон.

Арзан доллардан жана инфляциядан коргонуу үчүн акчасын мунайга салган инвесторлор да баанын жогорулашына салым кошту.

Ишемби күнү Аомори шаарында АКШ, Кытай, Жапония, Индия жана Түштүк Кореянын министрлери өз ара масилээтешкенден кийин жасаган билдирүүдө мунайдын азыркы баасы "керектөөчү жана өндүрүүчү өлкөлөрдүн кызыкчылыгына каршы келээрин" эскертишип, аларды мунай өнөр жайын инвестициялоону көбөйтүүгө жана бааны көзөмөлгө алууга чакырышты. Болбосо, баанын таскактап өсүүсүнөн айрыкча "ресурстары тартыш өнүгүп бараткан өлкөлөр жабыркайт" деп белгиленет кайрылууда.

Беш өлкө энергиянын альтернативдүү булактарын инвестициялоонун зарылдыгын да моюнга алышты. Бирок, Индия менен Кытайдын министрлери аларда жакынкы жылдары кошумча отун булактарын каржылоо планы жок экенин билдиришти.

Аоморидеги жыйында Чоң сегиздин мүчөлөрү өндүрүштүк газдарды жагуу боюнча 2010-жылы чоң 20долбоордун үстүнөн иштейли деп макулдашты. Бул долбоорлор "глобалдык климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттерине каршы күрөшүү жана энергетикалык коопсуздкту камсыздоодо" маанилүү роль ойношу керек.
XS
SM
MD
LG