Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:23

ЕС-РОССИЯ: СҮЙЛӨШҮҮЛӨР ЭМДИГИ АПТАДА БАШТАЛАТ


Ханты-Мансыда Евросоюз менен Россиянын саммити болуп өттү. Тараптар энергетикалык коопсуздук маселесин, дүйнөлүк экономикадагы кырдаалды, маанилүү саясий проблемаларды, алардын ичинде “жанселек” жаңжалдарга байланышкан жагдайларды талкуулашты. Ошентсе да Россия менен Евросоюз ортосунда жаңы келишим түзүү маселеси күн тартибиндеги башкы тема болду.

Ханты-Мансыдагы саммиттин негизги жыйынтыгын жарыялап,орус президенти Дмитрий Медведев ырасмий түрдө бүгүнкү күндү жаңы келишим түзүү боюнча толук масштабдагы сүйлөшүүлөрдүн башталышы деп жарыялады. Бул маселе боюнча саммитке бирдиктүү позиция менен келишкени үчүн ал европалык лидерлерге ыраазылык билдирди. Сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасы эмдиги аптада, 4-июлда Брюсселде баштала турган болду.

Келечектеги келишимди Медведев Россия менен Евросоюзду чындап жакындата турган каражат деп атады. Бул документтин негизин тараптардын тең укуктуулугу, прагматизм, өз ара кызыкчыларды урматтоо принциптери, ошондой эле коопсуздуктун түйүндүү проблемаларына байланышкан орток кадамдар түзүүгө тийиш.

Евросоюз менен Россиянын ортосунда стратегиялык өнөктөштүк келишим түзүү тууралуу сүйлөшүүлөр 2006-жылы ноябрда токтоп калган эле. Адегенде Польша,андан соң Литва Москвага саясий жана экономикалык мүнөздөгү талаптарды коюп,процесске бут тосуп келишти. Акыры эки өлкө тең мурдагы позицияларынан кайтып, үзүлүп калган сүйлөшүүлөрдү кайра баштоого жол ачылды.

Медведев евротилектештикти союздун айрым мүчөлөрү эки тараптуу проблемаларды чечүүнүн каражатына айлантып алганын айтып,муну кооптондурган тенденция деп атады.

Ханты-Мансыдагы тараптардын талкуу-таңаштары үч саатка созулду. Ага Еврокомиссиянын төрагасы Жозе Мануэл Баррозу, шаркеттин тышкы саясат жана коопсуздук иштери боюнча жогорку өкүлү Хавер Солана, тышкы байланыштарды тескеген комиссар Бенита Ферреро-Валднер катышты.

Ушу тушта Евросоюз менен Россия ортосунда өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө 1994-жылы түзүлүп,андан үч жылдан соң күчүнө кирген келишим бар. Бирок аны Брюссел да, Москва да эскирди деп эсептешет. Ханты-Мансыдагы жолугушуу аяктаган соң Баррозу орус президентин “абдан ачык-айрым, чын ыкыластуу адам” деп мүнөздөдү.

XS
SM
MD
LG