Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:34

29-ИЮНЬ: ГЕРМАНИЯ МЕНЕН ИСПАНИЯ ТАЙМАШЫ


7-июнда башталган футболдук Европа чемпионаты, бүгүн 29-июнда соңуна чыкканы турат. Баш байге үчүн Австриянын Вена шаарындагы «Эрнест Хаппель» стадионунда Германия жана Испания курама командалары күч сынашат. Кыргызстандын футбол күйөрмандары Европа чемпионатынын оюндары, баш байгеге талапкер эки команда тууралуу өз ой-пикирлерин «Азаттыка» билдиришти.

Европа чемпионатында 16 команда 4 топко бөлүнүп, мөрөй талашып, алардын сегизи иргелип калган. Чейрек финалдагы оюндардан соң сегизден төртөө калган. Жарым финалда Германия Түркияны, Испания Орусияны утуп, финалга чыгышты.

Кыргызстандык футбол күйөрмандарынын пикиринде Европа чемпионатында Португалия, Голландия, Хорватия командалары жакшы ойногону менен чейрек финалда ишенимди актай алышпады.

Алардын айтымында Түркия футболчулары дурус ойноду.

Кыргызстандын олимпиадалык даярдоо борборунун жетекчиси Касымкул Оболбековдун пикиринде Испания курамы Орусияны уткандай жигердүү ойносо, германиялыктарды финалда утуп алышы толук ыктымал. Себеби алар 24 жылдан жылдан кийин гана кайрадан финалга чыгып жатышат. Ал эми Европа чемпиону болушканына 44 жылдын аралыгы болду.

- Чынында эле германиялыктар менен испандар Европада футболдун мыкты командаларынан экенин далилдеп коюшту. Алар чечүүчү учурда гана уюшкандык менен ойноп, намысты колдон чыгарышпады. Айрыкча алардын күч-кубаты, тажрыйбасы жетиштүү экени көрүнүп, дароо жооп кылып, чеберчиликти далилдешти. Германиялыктар коргоонуну мыкты билишет, испаниялыктардын чабуулга чыгуу тактикасы дурус. Өтө кызыктуу, курч таймашуу болбойт. Себеби бирин-бири жеңип алууга аракет кылышкандыктан өтө аяр ойношот.

Ушундай эле пикирди Кыргызстандын уландар тандалма командасынын жана «Дордой-Плаза» командасынын башкы машыктыруучусу Токтогон Элтинов да айтып, «испандар жакшы ойногону менен германиялыктарды утушу кыйынга турат»- дейт.

Кыргызстандык футбол күйөрмандарынын басымдуу бөлүгү германиялыктар чемпион болушат деп божомолдосо, айрымдары испандарды сүрөөнгө алышаарын «Азаттыкка» билдиришти.

Нурлан:- Чынында эле испаниялыктар Европада футболдун мыкты командаларынын бири экени талашсыз. Алардын жылдызы жанып турат. Испандар баш байгенин ээси болушат.

Мухтар Рустамов: - Мен Германияны сүрөөнгө алып келатам. Алар финалда испаниялыктарды 2:1 эсебинде утуп алышаарына ишенем.

Жаныбек: - Немистер кыйын ойношот. Алар чыныгы жүзүн бүгүн көрсөтүп, Европанын чемпиондугун 4-ирээт утуп алышат.

Жоомарт: - Бул чемпионаттын мыкты оюнчусу испаниялык Давид Вилья болот деп ойлойм. Германиялыктардан Михаэль Баллак да жакшы ойноп жатат. Бүгүнкү финал абдан кызыктуу, курч мүнөздө өтөт.

Бул ирет Европа чемпиону Греция, дүйнө чемпиону Италия, дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсү Франция командалары жыдып, атаандаштарына алдырып койду.

Футбол күйөрмандарынын айтымында быйылкы чемпионаттагы күтүлбөгөн ийгиликти Орусия курама командасы жаратканы менен жарым финалда испандыктардан кайрадан жеңилүү ызасын тартышты. Ошентсе да орустар жыйырма жылдан кийин гана чейрек жана жарым финалга чыгышты.

Европа чемпионатынын алгачкы жеңүүчүсү СССР курамасы Югославияны финалда 2:1 эсебинде утуп, биринчи чемпион аталган. Кеңеш курамы күүлүү-күчтүү кезинде дагы үч ирет финалга чыгып, үчөөндө тең утулуу ызасын тартышкан.

Ал эми Германия курамы Европа чемпионатынын финалында 5 ирээт баш байгеге талапкер болуп, үч жолу чемпиондук алтын медалды тагынган.

Атап айтсак 1972-жылы финалда СССРди 3:0 эсебинде жеңип алган. Ал эми 1976-жылы Чехословакияга жекеме-жеке топ берүүдө жеңилип калып чемпиондук наамын алдырып койгон.

1980-жылы да Италияда өткөн Европа чемпионатында бельгиялыктар менен финалда германиялыктар мөрөй талашып, 2:1 эсебинде чемпиондук наамга кайрадан экинчи ирээт ээ болгон.

1992-жылы Дания менен Германия финалда күч сынашып, мында 2:0 эсебинде даниялыктар жеңишке жетишкен.

1996-жылы Англияда өткөн Европанын 10-чемпионатында Германия курамы Чехия менен финалда беттешип, 2:1 эсебинде немистер кайрадан утушка ээ болгон.

Ал эми Испания курамы финалга эки ирет чыгып, 1964-жылы СССР курамын жеринде 2:1 эсебинде жеңип, Европа чемпиону аталган. Андан кийин 1984-жылы Францияда өткөн Европанын 7-чемпионатында талаа ээлери француздарга 2:0 эсебинде утулуп калышкан. Испаниялыктар 24 жылдан кийин гана кайрадан финалга чыгып олтурат.

Европанын 13-чемпионаты 22 күнгө созулду. Австрия менен Швейцария өлкөлөрүнүн сегиз шаарында футболдук беттешүулөр өткөрүлдү. Бул футбол майрамы 300 миңдей күйөрмандын бүйүрүн кызытып, кубаныч менен капага бөлөдү.

Бүгүнкү финалдык беттешүүнү да Кыргызстандын улуттук телерадио корпорациясы күйөрмандарга түз алып көрсөтөт.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG