Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:32

18:00 Жогорку билим алуу акысын жогорулатуу-мезгилдин талабы


Бул тууралуу бүгүн билим берүү министрлиги тараткан билдирүүдө айтылат. Буга чейин министрлик жогорку билим алуунун акысын он беш миң сомдон кем эмес болсун деген чечим чыгарган. 26-июнда Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Иса Өмүркулов мындай кадамды “өзүм билемдик” деп атап, министрликти сынга алган. Министрлик тараткан билдирүүдө билим алуу акысын жогорулатуу ЖОЖдордогу билим берүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн жасалганы айтылат. Бул арзан бирок сапатсыз билим алууну жою үчүн өбөлгө болмокчу. Ал эми колунда жоктор жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгында акысыз билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Андыктан, билим денгээли жогору бирок каражаты аз бүтүрүүчүлөр ЖОЖдо окуй албай калышат деген туура эмес, деп жазылат министрликтин билдирүүсүндо. (AiJu)

XS
SM
MD
LG