Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:01

ИНФЛЯЦИЯ АРААНЫ АЧЫЛГАНДАН-АЧЫЛЫП БАРАТАТ


Кыргызстандын жарым жылдык экономикалык көрсөткүчтөрү өкмөттүн пессимисттик божомолун ырастоодо. Анын себебин аткаруу бийлиги жалпы дүйнөлүк шарт-жагдайга, ипотекалык, азык-түлүк, каржылык кризистерине байланыштырат. Импорт көлөмү экспорттон үч эсе көбөйгөн чакта өкмөттүн инфляцияны ооздукташы кыйын. Улуттук статистика комитети жарым жылда инфляция 15 % жеткенин жарыя кылды.

Инфляция деңгээлинин кескин көтөрүлүп кетишин өкмөт жалпы дүйнөлүк жагдайга байланыштырып, Кыргызстан экономикасынын ачыктыгы менен түшүндүрүп келатат. Аны айрым адистер да ырасташат. Жер шарынын кескин жылып кетишинен улам суунун азайышы, анын кээри энергетика тармагына тийип, натыйжасы кандай болуп жатканын кыргызстандыктар жаздан бери жакшы билип калды окшойт. Энергетикалык кризис карамайдын баасын көкөлөтүп, быйыл жыл аягына чейин 1 литр бензин 1 долларга чыгып каларын адистер эмитен эле болжолдоого өтүштү.

- Эмдиги жылы болсо бензин баасы 1,5 доллар же 1 еврого чыгат. Мындай шарттан кантип чыга алабыз?-, деп суроо коет “Бирдиктүү Кыргызстан” саясий кыймылынын жетекчиси Амангелди Муралиев. Анын ырасташынча, Кыргызстанда эсепке алынбаган акчалар, “көмүскө бизнес” катуу өөрчүгөн.

Быйыл жарым жылда ички дүң продукт көлөмү 107,1% чыкты. Өткөн жылдын ушул кезине салыштырганда азыноолок артта калуу байкалат. Анын себеби айыл чарба менен энергетикага байланыштуу.

Инфляция деңгээли жарым жылда 15% ашты. Амангелди Муралиевдин пикиринде, алдагыдай көрсөткүч биртоп түкшүмөл суроолорду жаратпай койбойт.

- Менин билишимче эксперттер да бул көрсөткүчтү карап чыгышты. Инфляция деңгээли мындан бийик. Болбоду дегенде эле ал 20 – 25% чыкты. Күзгө тарта баалар төмөндөйт деп айтыш да кыйын. Себеп дегенде, орулуп алынчу дан эгиндери жетишсиз. Импорт өсүп жатат. Импорт бизде экспорттон үч эсе көп. Мындай шартта биз инфляцияны токтото албайбыз.


Экономикалык жагдай антип кедерине тартып турган чакта өкмөт инфляцияга каршы кандай иш-чараларды жасарын жарыя кылып, программасын иштеп чыгышы керек эле. “Бирок азырынча өкмөт аны жарыя кыла элек”, деп билдирди А.Муралиев. Бирок да кризиске каршы өкмөт кандай иштердин өтөлүн аларын Экономикалык өнүгүү жана соода министри Акылбек Жапаров 10-июлда маалым кылды.

- Мында биз бизнеске колдоо көрсөтүү боюнча мүмкүн болгондун баарын жасайбыз. Текшерүүлөргө тыюу салуу боюнча жарлыктан тарта жаңы Салык кодексине чейин ушул милдетке арналган. Ал үчүн бизде жетиштүү негиз бар. 2 миллион 300 миң адам ушу тапта уюлдук телефон пайдаланышат. Алардын бизнести өнүктүрүү мүмкүндүктөрү бар. Тилекке каршы, бизде 2 миллионго жакын чектүү киреше алган кедей кишилер да бар. Анын ичинде 550 миңдей пенсионер, 350 миң жалаң жөлөкпул менен гана жашаган адамдар бар.

А.Жапаров мына ушул 850 миң адам өкмөттүн социалдык камкордугуна алынарын билдирди. Эмдиги жылдан тарта Өзбекстан газы бери дегенде 300 доллардан кем эмес баага көтөрүлөрүн эскерткен министр, баалардын көкөлөшү артынан инфляцияны ээрчите келерин айтты.

Быйыл “Токтогул” суу сактагычындагы суунун көлөмү да былтыркысынан кыйла аз, өкмөт өзгөчө үмүт артып олтурган “Кумтөр” алтын кени да белгиленген чегине жете алган жок. А.Жапаров өкмөт мамлекеттик чыгымдарды азайтууга өткөнүн, быйылкы жылдын экономикалык өсүшүнүн пессимисттик божомолу туура чыгып жатканын белгиледи. Ал: “Негизги сценарийден бираз четтеп, биздин республикада экономиканын өнүгүш ырааты кыйла жайлап баратат”, деп билдирди. Өкмөттүн оптимисттик, негиздүү, пессимисттик божомолдорунун кайсынысы чындыкка жакын чыгарын жыл жыйынтыгы көрсөтөт.

XS
SM
MD
LG