Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:44

Иран алыс жана орто аралыкка учуучу ракеталарынан тогузду ийгиликтүү сынаганын кечээ жарыялаган эле. Бул жаңылыкка байланыштуу "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун кабарчысы Жереми Бранстен (Jeremy Bransten) "Jane's Missiles and Rockets" журналынын редактору, ракеталар боюнча адис Дуг Ричардсонго (Doug Richardson) айрым суроолор менен кайрылды.

Азаттык: - Ирандын айтымында, ал сынаган ракеталардын бири – "Шахаб –3" эки миң чакырым аралыкка чейин уча алат экен. Бул жаңы куралбы же Ирандын арасеналында буга чейин эле бар ракеталардын жакшыртылган түрүбү?

Д. Ричардсон: - Биздин билишибизче, "Шахаб-3" рактесынын үч түрү бар. Базалык ракета 1300 чакырымга чейин уча алат. Мындан кийин алар ушунун узагыраак аралыкка жетүүчү түрүн жасашкан. Аны биз "Шахаб –3А" деп атайбыз. Мунун диапазону 1500 -1800 чакырымга чейин. Бизде ошондой эле "Шаха-3В" жөнүндө да маалыматтар бар. Бирок ишенимдүү маалымат аз. Анткен менен биз түшүнөбүз, анын учуу аралыгы 2000- 2500 чакырымга чейин. Андыктан соңку ирээт "Шахаб -3В" ракетасы сыналгандай.

Азаттык: - Эң көп дегенде бир тонна дүрмөттү алып жүрүү менен "Шахаб-3" ракетасы кандай зыян келтириши мүмкүн?

Д. Ричардсон: - Дүрмөтү түшкөн жердин айланасында, албетте, белгилүү бир өлчөмдө олутуу зыян келтире алат. Бирок маселе тактыгы анчалык күчтүү эмес экендигинде. Ракета боюнча инженерлер "Тегеректен четтеп кетүү ыктымалдуулугу" деген түшүнүктү колдонушат. Бул эмнени билдирет? Качан сиз бир жерден тегеректи элестетип, анын борборуна жүз ракетаны мээлесеңиз, жарымы ичине түшөт, жарымы сыртына түшөт дегендик.

Азаттык: - Анда "Шахаб" ракеталарынын Тегеректен четтеп кетүү ыктымалдуулугу канчалык?

Д. Ричардсон: - Тегеректен четтеп кетүү ыктымалдуулугу - ракеталык тактыктын стандарттык бирдиги. "Шахабды" алганда, биздин оюбузча, бул 2500 метрдей. Демек бул -негизинен белгилүү бир бутага эмес, шаарга багыттай турган курал. Азырынча биз билгенден, ал белгилүү бир бутаны мээлегидей тактыкка ээ эмес.

Азаттык: - Демек Тегерандын кокус Кошмо Штаттар менен чатак чыкса, АКШнын Перси булуңундагы кемелерине сокку урары жөнүндөгү коркутуусуна карабай, алар ракетасын кемелерге багыттай албайбы?

Д. Ричардсон: - Бул сыяктуу ракетаны сиз флот өңдүү жылып жүрүүчү буталарга каршы колдонбойсуз. Эгерде флоттун ракета жетүүчү чекте кеме оңдоочу жайы болсо, ага сокку урушуңуз мүмкүн. Бирок мисалы Тель-Авив шаарын алганда, эң мыкты деген сиз шаардын борборуна зыян келтирүүгө үмүттөнүшүңүз ыктымал. Ал эми "биз Тель-Авивдин ичинен Израилдин коргоо министрлигине сокку урган жатабыз",-деп айтуу чындыка коошпой алат. Бул ракеталар мынчалык тактыка ээ эмес.

Азаттык: - Ал эми коңшулары менен салыштырганда Ирандын арасеналы кандай көрүнөт?

Д. Ричардсон: - Алар, балким, бул чөлкөм үчүн багытты белгилөөчүлөр. Аймактын ушундай кубаттагы куралга ээ башка жалгыз өлкөсү – Пакистан. Анткени, биздин эсебибизде,"Шахаб" долбоору 1993-жылдары Иран Түндүк Корея менен келишим түзгөндө башталган. Балким бул келишимге кийинчерээк Пакистан "Скад" ракеталарын алуу, баарына белгилүү болгондой, муну өркүндөтүү, окшош технологияны колдонуп, бирок чоңураак жана алысыраак аралыкка жеткидей кылып жасоо үчүн кошулган. Андыктан ушундай класстагы курал үчүн Азиядан Иранды, Түндүк Кореяны, Пакистанды карайсыз.

Азаттык: - Ирандын ракета боюнча болочок пландары тууралуу эмнени биле алабыз?

Д.Ричардсон: - Алар "Шахаб –4" аталган чоң ракетанын үстүнөн иштеп жаткан. Бир учурда алар бул ракета эмес, спутниктик жандооч деп ырасташкан. Мындан соң долбоор токтолду деп жарыялашкан. Бирок биз жеткен нерсенин баары ушак –айыңдар болчу. Чынында эле бизде ишенимдүү маалымат жок.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG