Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:25

ГААГА СОТУ СУДАНДЫН ПРЕЗИДЕНТИН ГЕНОЦИД УЮШТУРДУ ДЕП АЙЫПТАДЫ


Кубат Чекиров, Прага Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту бүгүн Судандын президенти Омар Баширди Дарфурда болгон адам кыргынын уюштурган деп айыптады. Бул жөнүндө бүгүн Эл аралык кылмыш сотунун прокурору Луис Морено Окампо билдирди. БУУнун маалыматы боюнча, Дарфурда соңку беш жылда арабдардын куралдуу топтору менен ындыкара калктын кагылышуусунан 200 миңден ашык адам кырылган.

Президент Омар Башир Эл аралык кылмыш сотунун укуругуна илине турган биринчи мамлекет башчысы болуп калышы мүмкүн. Бирок Судандын бийликтери Эл аралык кылмыш сотун тааныбастыгын жана ал-Баширге карата соттук кысымдар Дарфурдагы кырдаалды жөнгө салууга жумшалган күч аракеттерди текке кетирет деп билдиришти.

Жекшембиде Судандын борбору Хартум шаарында президенти Омар Баширди кылмыш жообуна тартууга каршы миңдеген адамдар катышкан демонстрация болуп өттү. Нааразылык жыйыны өкмөттү жактаган күчтөр тарабынан уюшулганы айтылууда.

Судандын юстиция министри Абд-ал-Сабдрат нааразылык жыйынында чыгып сүйлөп, соттук териштирүү көп убакытка созуларын жана ал баары бир Коопсуздук Кеңешинде караларын, ал убакыттын ичинде Судан сырткы кийлигишүүгө карата зарыл чараларды көрөрүн билдирди. Сабдрат сүйлөп атканда чогулган эл арасынан АКШ, Британия жана Израилге каршы ураан-чакырыктар жаңырып жатты. Юстиция министри ошондой эле Судандын мамлекет башчысын камакка алуу аракеттери өлкөдөгү кыйчалыш кырдаалды ого бетер курчутат деп эскертти.

-Алар мамлекет башчысын камакка алуу менен тынчтык келишимди бузган жатышат. Алар талап-тоноону жайылтып жана эл аралык бейпилдик күчтөрдү, эл аралык уюмдарды чыгарып саясий вакуум түзгөн жатышат, - деди Абд-ал-Базит Сабдрат.

БУУнун өкүлдөрү Омар Баширди кылмыш жообуна тартуу аракеттери Дарфурдагы араң оожалып келаткан тынчтык кырдаалды бузуп, кайрадан кыргын-сүргүн окуяларына алып келет деп чочулашууда.

Судандын батышындагы Дарфур чөлкөмүндөгү жаңжал 2003-жылдын февралында тутанган эле. Анда Дарфурда азчылыкты түзгөн ындыкара калктын козголоңчулары арабдар үстөмдүк кылган режимге каршы көтөрүлгөн. Алар бийлик тарабынан басмырланып жатканына нааразылык билдирип чыгышкан болчу.

Расмий Хартум ындыкаралардын козголоңун аскердик операциялар менен күчкө салып баскан. Ошондон бери Дарфурдан эки миллиондон ашуун адам жер которууга аргасыз болгон. Мында ошондой эле араб тектүү калктын "Жанжавид" деп аталган кыймылынын согушкерлери Судандын расмий бийлигинин тымызын колдоосу астында азчылыкты басмырлап келгени айтылып жүрөт.

Улуттар уюму жана Африка союзуна кирген өлкөлөрдүн тогуз миң аскерден турган бейпилдик күчтөрү Дарфурга келип, кырдаалды жөндөөнүн аракетин көрүүдө.

XS
SM
MD
LG