Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:34

К.ЖУМАКАНОВ: КҮЙДҮРГҮНҮН 1181 ОЧОГУ КАТТАЛГАН


Маектешкен Мээрим Султангазы, Бишкек Учурда республика боюнча ветеринариялык абал менен таанышуу максатында ачык көчмө жыйын өтүп жатат. Анын жүрүшүндө кандай маселелер каралууда, дегеле учурдагы эпизотикалык абал кандай? Бул тууралуу "Азаттык" үналгысы ветеринария департаментинин жетекчиси Калыс Жумакановду кепке тартты.

- Калыс мырза, алгач көчмө жыйында каралып жаткан маселелерге токтоло кетсеңиз. Кайсы облуста эпизоотикалык абал курч турат экен?

- Азыркы убактарда Мамлекеттик ветеринария департаменти өзүнүн көчмө жыйынын бардык облуста өткөрүүнү пландаштырууда. Азыр Ысык-Көл, Чүй, Талас жана Нарын облустарында мындай жыйындар өттү. Мунун негизги максаты - баардык ветеринарларды, мамлекеттик ветеринардык кызматын, айыл өкмөттөрү, жергиликтүү райондук, облустук жетекчилерди катышыуусунда жолугуштуруу жана азыркы ветеринариянын негизги максаттарын, кийинки болуп жаткан реформаларды бардык жерге жеткирүү болуп эсептелет. Азырынча төрт облуста өттү. Эми Баткен облусунда болгон жатат.

- Буга чейин облустарда ветеринариялык кандай көйгөйлөр бар экен?

- Биринчи көйгөйүбүз бул бардык жерде ветеринардык кызматкерлердин жетишпегени. Экинчиси болсо бул - ветеринариянын деңгээли. Көп жылдан бери көңүл бурулбай келгендиктен, абал начарлап кеткен. Материалдык-техникалык базасы, ветеринарлардын билим деңгээли төмөндөп кеткен. Андыктан биз стратегиялык өнүгүү планын иштеп чыгып, 2008-2012-жылдарга ошол пландар боюнча иштеп жатабыз.

- Түштүктө күйдүргү илдети катталып, кечээ жакында андан бир адам каза болгону кабарланган эле. Бул маселе боюнча кошумча маалыматтарыңыз барбы? Күйдүргү күч алып жатат деген коркунуч жокпу?

- Кошумча маалыматым бар. Анткени мен Жалал-Абат облусунда болуп, күйдүргү чыккан жерлерге атайын өзүм барып көрдүм. Республика боюнча күйдүргү ылаңынын 1181 очогу катталган. Бул, Октябрь революциясынан берки каттоо. Көпчүлүгү согуш жылдары, 1941-45-жылдары дегеле катталбай калган.

Бул ылаңдын козгогучу 100-200 жыл топуракта жата берет. Ал топуракта өзүнүн күчүн жоготпой сактап турган инфекция болуп эсептелет. Ысык аба ырайы болгон мезгилде чөптүн баары күйүп кетип, мал чөп жейм деп топуракты кошо жалап алганда контакт болуп, ички органга кирип, ооруну козгойт.

- Күйдүргү күч албасы үчүн кандай аракеттер көрүлүүдө?

- Күйдүргү күч алып кетпес үчүн катталган жердеги очокту каттоого алып, жылына эки жолу дезинфекциялап туруш керек. Акыркы беш жыл катталган жердеги малды түздөн-түз ветеринардык жана профилактикалык эмдөөдөн өткөрүш керек.

- Эмдөө жүргүзгөнгө аппараттар жетиштүүбү?

- Аппараттар бардык малга жетишпейт. Мисалы, акыркы беш жылдагы гана очоктун тегерегин эмдөөгө алабыз. Көпчүлүк учурда мал ээлери малын каттатпайт. Каттоодо турган малга караганда дээрлик малдын саны эки эсеге көп. Ошондуктан вакцинабыз да жетпей жатат.

Үчүнчүдөн, эң негизгиси мал ооруган мезгилде малды союууга тыюуу салынат. Анткени ооруган малдын каны уюбайт жана тараганга аябай негиз түзүлөт. Аны мал ээлери ветврачтарга көрсөтпөй туруп, союп элге таратып жиберген. 200-300 дөн ашык киши аны пайдаланган. Акыры жүрүп отуруп ооруканага жатууга туура келип жатат. Ал эми каза болуп калган адам 78-жаштагы аксакал экен. Ооруп калганда ооруканага келбей койгон. Кеч кайрылган. Үйбүлөсү дарыланып жатат.

- Учурда малчылардын баары жайлоодо. Биздин маалымат боюнча жайлоого ветеринардык адистер бирөө да басып барышпай, дары-дармектер жетишсиз экендиги айтылууда. Алыскы жайыттагы малдарга көзөмөл кылынып жатабы?

- Алыскы жайытка малды айдаардан мурун аларды ветеринардык көзөмөлдөн өткөрүш керек. Жайлоодо учурда ветеринарлар жүрөт. Өзүнө тиешелүү иштерди аткарып жүрүшөт. Аргасыздан малдарды экинчи жолу эмдеп жатышат. Көп нерсе жетишпей жатканы чындык. Ветеринарлар да жетишпейт.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG