Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:43

ГЕРМАНИЯ УКРАИНАНЫН НАТОГО КИРИШИН КОЛДОЙТ


Кубат Чекиров, Прага Германия Украинанын НАТОго кирүү боюнча аракеттерин колдойт. Бул жөнүндө Германиянын канцлери Ангела Меркел 21-июлда Киевде президент Виктор Ющенко менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндөн кийин билдирүү жасады. Эки тараптуу жолугушууда соода жана энергетикалык маселелер да талкууланды.

Саргылтым ыңкылап болгон 2004-жылдан кийин Украинага батышчыл өкмөт келип, азыркы учурда НАТО менен Европалык Биримдикке кирүүгө умтулуп турган чагы. Евробиримдик менен Украина 2005-жылы кызматташтыктын үч жылдык планына кол коюшкан, азыркы учурда узак мөөнөттүү эки тараптуу макулдашуу боюнча талкуу жүргүзүп атышат.

Европалык Биримдикте төрагалык тизгинди кармап турган Франциянын президенти Никола Саркози сүйлөшүүлөр келерки жыл башталганга чейин бүтөт деп билдирген.

Киевде 21-июлда сүйлөшүүлөр бүткөндөн кийинки биргелешкен маалымат жыйынында Ангела Меркел Украина НАТОго кабыл алына турганына ишеним билдирди.

Президент Ющенко Брюссел менен жакында жаңы макулдашууга кол коюларына үмүтү бар экенин айтып өттү:

-Биз ушул жылы Евиан шаарында макулдашуунун саясий жагына кол кол койгонго жетишебиз. Сүйлөшүүлөрдүн калган бөлүгү Украина менен Европалык Биримдиктин ортосунда эркин соода аймагын түзүүгө арналат. Мен 10-12 айдын ичинде макулдашуунун экономикалык жагы боюнча да сүйлөшүүбүздү тыянактайбыз,-деди Виктор Ющенко.

Тынчтык, жаңылануу жана тышкы саясат институнунун директору Александр Сушконун "Азаттыктын" украин кызматына сүйлөгөн сөзүнө караганда, бул сүйлөшүүлөрдө Германия олуттуу роль ойнойт.

-Эртең Европалык Кеңеш Украина менен кол коюла турган жаңы кеңейтилген макулдашуу жөнүндө сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүн жана сентябрда Евробиримдик менен Украинанын жогорку деңгээлдеги жолугушуусунда карала турган маселелерди талкуулайт. Ошон үчүн Германиянын орду абдан маанилүү. Украина жаңы макулдашуу биримдикке болочокто мүчө болуу укугу каралган жана визасыз режим берген ассоциациялык макулдашуу катары каралышын каалап жатат,-деди Александр Сушко.

Европалык Биримдикке акыркы толкун менен кирген өлкөлөр Польша, Чехия жана башкалар да ушул Ассоциациялык макулдашуу аркылуу өтүшкөн. Украина ушул эле жол менен баргысы келип жатат. Евробиримдик азырынча мүчөлүккө алар-албасын так кесе билдирбей келатат.

Бухарестте апрелде болгон чоң жыйында НАТОнун лидерлери Украина менен Грузияны кабыл алуу маселесин декабрда болуучу тышкы иштер министрлеринин жыйынына чейин токтото турууну чечишкен. Орусия Украинаны НАТОго кабыл алууга караманча каршы болуп келатат. Ошондуктан, Германия Франция сыяктуу эле Москва менен мамилесин бузуп алуудан чочулап Киевди НАТОго кабыл алуу жөнүндө сунушту колдоодон этият турууда. АКШ, Британия, Польша жана НАТОнун башка жаңы мүчөлөрү Украинаны Түндүк атлантикалык союзга кабыл алууну жактап чыгышкан.

Ангела Меркелдин Киевдеги сүйлөшүүлөрүндө эки тараптуу соода жана энергетика маселелерине да орчундуу көңүл бурулду. Германия Украинанын Россиядан кийинки эле экинчи ири соода өнөктөшү жана орус энергиясын Европага алып өтүү үчүн маанилүү транзит өлкөсү. Европага Орусиядан барган жаратылыш газынын 80 пайызы Украинанын аймагы аркылуу өтөт.

XS
SM
MD
LG