Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:51

“ЖЕР ҮЙДӨГҮ” ЗЫЯН ЗАТТАР САКТАЛЧУ ЖАЙДЫН ДОЛБООРУ ТАЛАШ ЖАРАТТЫ


Таласта “Жер үй” алтын компаниясынын жаңы долбоору боюнча зыян заттар сакталуучу жай алтын чыгуучу заводдун жанында, тоонун чокусунда курулушу күтүлүүдө. Мындай долбоорго жергиликтүү тургундар каршы болушууда. Компаниянын жетекчилиги эклогиялык коопсуздуктан улам ушундай долбоорго токтолушканын айтышууда.

Талас району, Бекмолдо айылынын түштүк жагында жайгашкан тоолордогу алтындарды өндүрүү максатында “Глобал голд - Жер үй алтын” жабык акционердик компаниясы 2006-жылы 23-майда кыргыз өкмөтүнөн уруксат алып, каттоодон өткөн. Ага чейин аталган жерди иштетүүгө аракет кылган “Оксус Талас Голд майнинг” компаниясынан бул компаниянын айырмасы “Глобал голд” компаниясы тендер аркылуу эмес, жөн гана өкмөттүн чечими менен жумушту башташкан. “Глобал голд” компания заводду ак кар көк муз болуп жаткан тоонун чокусуна орнотууну көздөп келүүдө.

Жакында “Жер үй” алтын жабык акционердик компаниясынын жетекчилиги зыян сакталуучу жайды да тоонун чокусуна заводдун жанына куруу тууралуу жаңы долбоорду иштеп чыгышты. “Жер үй” алтын компаниясынын аткаруу директору Франс Шлоссер мырзанын айтымында, мындай долбоор экологиялык коопсуздукка жакшы:

- Кыскача айтып кеткенде, жылына 100 миңдеген оор жүк ташуучу автоунаалар ылдый түшпөй эле, ошол жерден эле иштетилип кетет эле дейт. Жылына 100 миң самосвал ылдый түшкөндө, чан да аябай көтөрүлөт, өзүнүз билесиз айлана чөйрөгө да зыяны тиет.

Бекмолдо айылынын тургуну жергиликтүү депутат Айдарбек Осмонов “Жер үй” алтын компниясынын жетекчисинин айткан сөзүнө каршы болуп, ал жердин жаратылышына зыян сактоочу жайды курууга туура келбестигин айтууда:

- Калдык сакталуучу жай курула турган жер, аба ырайынын азыркы шартына байланыштуу кургак болуп жатат. Бирок ал жерден жыл сайын Кашкасуу деген суу Чоңчычкан суусуна куйуп турат. Быйылкы аба ырайын кийинки аба ырайына салыштырып болбойт. Ошон үчүн эмки жылы урматтуу Шлоссер мырза жаңылып калбайбы?

Франс Шлоссер зыян сакталуучу жайды ылдый жакка курсак жергиликтүү дыйкандардын бир топ үлүш жерлерин ээлеп калаарын айууда:

- Жалпы калкка эле жакшылыкты алып келиш үчүн ушуну пландаштырганбыз, бүт фабрика объектини өйдөрөөк жылдырганга. Себеп дегенде ошондо биз жалпы эле калктын 300 гектар жерин сактап калып жатпайлыбы. Эгер эски жерине эле салганда бир нече адам мунун пайдасын көрмөк.

Талас шаарынын тургуну Нусуп Бектенов да зыян сакталуучу жайды бул жерге курууга суу чарбалары кандайча уруксат берип койгонуна таң калып, акыркы кезде Кыргызстанда көп болуп жаткан зилзала коркунучу тууралуу кеп кылды:

- Кыргызсандын сейсмикалык жактан коркунучтуу жерде турат. Тоолор бекеринен өсүп чыккан эмес да. Бүгүн ал жерде суу жок болсо эртең чыгып калат. Бизде күнүгө жер термелип турат. Ошондуктан жанагы кыртыштар өзгөрүп турат дагы, жер алдындагы суулар бүгүн бир жак менен жүрсө, эртең бир жак менен жүрүшү мүмкүн. Эртең ал жерден суу чыгышы мүмкүн.

Франс Шлоссер зилзала тууралуу бул жерди атайын адистер иштеп чыкканын айтып, бул жерде андай коркунуч жок дейт:

- Кыргыз мамлекетинин сейсмологиялык эрежелерине ылайыктуу алтын кенди иштетиш үчүн, жери 4-4,9 балдан ашпаш керек дейт.

Акыркы мезгилдерде ар кандай кен казуучу компаниялар менен иштешип келген «Айкөл» бей өкмөт уюмунун жетекчиси Гүлмира Темирбекова «Азаттыкка» серепчи катары бул айтылган иштин баары иш жүзүндө кандай ашаар экен деп кооптонот:

- Эмнесин жакшы деп жатам? Бул бүгүнкү маалыматтын берилгени. А бирок аткарылышы кандай болот, абдан жакшы деп жатат ушул миханизмди. Ким изилдейт? Ким көзөмөл кылат маселе ушунда.

«Жер үй» алтын компаниясында бүгүнкү учурда 300дөн ашык кызматкер иштейт. Кыргыз өкмөтү менен «Глобал голд» компаниянын келишими боюнча 70 пайыз жумушчулар ошол «Жер үй» кени иштетиле турган Талас районуна караштуу Бекмолдо айылынын тургундарынан алынышы керек. Шлоссер мырзанын айтымында, эгер эч тоскоолдук болбосо, 2009-жылы сентябрь айларында биринчи алтын өндүрүлүп чыгышы күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG