Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:59

О.АРТЫКБАЕВ: ТОКТОГУЛ ГЭСиндеги АБАЛ АЯБАЙ НАЧАР


СДПКнын мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Осмон Артыкбаев суу-энергетика маселеси боюнча “Азаттыкка” пикирин билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанда суу чарбасында туура эмес иш жүргүзүүдөн улам абал оорлоп баратат.

- Осмон мырза, Өзбекстан массалык маалымат каражаттарында Кыргызстан суу маселеси боюнча келишимдерди аткарбай жатат деген билдирүүлөрдү таратып жатканы айтылууда. Алардын дооматында канчалык негиз бар?

- Негизинен мурункудай жетиштүү түрдө суу жетпегенине байланыштуу Өзбекстандын бир тараптуу айтып жаткан ою болушу керек. Бул маселе эки тараптуу өтө терең талданып чечилиши керек. Менимче, алардын айтып жаткан дооматы бир жактуу деп ойлойм.

- Учурда Токтогул ГЭСиндеги суунун топтолушу тууралуу кабарыңыз барбы? Ал жерде азыр абал кандай?

-Негизинен азыр Токтогул ГЭСиндеги абал аябай начар. Себеби дегенде суунун деңгээли өтө төмөн. Ошонун негизинде сууну токтотуп коюу энергетиктердин туура кадамы деп эсептейм.

- Айрым талдоочулардын айтымында, быйыл суунун аздыгынан кышында энергетикалык кризис болушу мүмкүн деген божолдорун айтышууда. Мындай чочулоо канчалык жүйөөлүү?

- Негизинен биз ошол жакка баратабыз. Сөзсүз түрдө сууну азыртан баштап экономдуу пайдаланбасак, кышында сөзсүз түрдө катуу абалга кабылып калышыбыз мүмкүн. Ошого баратабыз.

- Жеке эле Токтогул ГЭСинде эле эмес Орто Токой, Киров суу сактагычтарындагы абал дагы оор экендиги айтылууда. Бул быйыл кургакчылык болуп агын суулардын азайышынанбы же сууну туура эмес пайдалануудан келип чыгып атабы?

- Биздин энергетика тармагында системалык кризис көрүнүп турат. Суу системасын туура башкара албай жатканы билинип, көрүнүп калды.Бул жерде жалаң эле суунун аздыгынан эмес, негизинен башкаруунун туура эместигине байланыштуу. Бул жерде энерго системаны башкарып жаткан адамдар, ошол өкөмттүн өкүлдөрү сөзсүз жооп бериши керек.

- Айрым талдоочулар сууну товар катары сатмайынча аймакта талаш маселелер жарала берет деген пикирлерин айтышууда. Эгерде Кыргызстан сууну коңшу өлкөлөргө сууну сатуу талабын коюшса, бул саясий маселеге айланып аймакта кырдаал курчуп кетпейби?

- Суу маселеси жеке эле экономикалык эмес, саясий дагы маселе. Биздин Орто Азия чөлкөмү кылымдардан бери бир алкак катары бөлүнбөй жашап келген. Анан муну дароо эле чечип, сууну товарга айландырып салуу өтө коркунучтуу маселе. Бирок эртеби-кечпи биз ушундай кадамга барышыбыз зарыл. Ошондуктан бул багытта эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү натыйжалуу жүргүзүп, андан соң кадамдарга барышыбыз керек. Бул боюнча дүйнөлүк деңгээлдеги чоң тажрыйбалар бар. Мына ошонун негизинде биз жалгыз өзүбүз чечпей, региондордогу өлкөлөр, коңшу мамлекеттер менен чогуу чечүү зарыл.

Анан сөзсүз түрдө башка мамлекеттердеги суу багытындагы институттар менен кызматташуунун негизинде акырындан баруу керек. Бул комплекстүү чече турган маселе. Муну жалгыз Кыргызстан чече албайт.

- Осмон мырза, суу маселесине байланыштуу жана энергетика кризисинен чыгуу боюнча СДПКнын алдыга койгон пландары барбы. Эгер бар болсо жогорудагы түзүлгөн кырдаалдан кантип чыгууга болот?

- Сөзсүз түрдө СДПК партиясынын экономикалык ар кандай маселлерди чечүү жана кырдаалданы чыгуу боюнча стратегиялык программалары бар. Бул боюнча өкмөткө дагы сунуштар киригизлген. Буга чейин биз көз карашыбызды айтып келатабыз. Аны эл дагы жакшы билет.

- Эл демекчи азыр сиз эс алууда жүргөн кезиңизде шайлоочуларыңыз менен жолугуштуңузбу? Элдин жашоо шарты кандай экен?

- Мен мурдагы күнү эле келдим. Токтогул районундагы 24 айылды кыдырып, эл менен жолугушуп келдим. Элдин акыбалы нагизинен оңой эмес. Биринчиден быйыл кургакчылык, ошого жараша чөп дагы жакшы болбой калыптыр. Бул карапайым калктын жашоосуна терс таасирин тийгизет деп кооптонуп жатышыптыр. Анан негизги көйгөй кымбатчылык. Азык-түлүккө, негизги продуктулардын кымбатташы. Ага жараша айлык маяна, пенсиялардын, жөлөк пулдардын жогорулабай жатышына, жашоо турмушка жетпей жатканына байланышкан курч суроолорду элдер беришти. Элдердин жашоосу ушундай экен.

- Ырахмат маегиңизге.

XS
SM
MD
LG