Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:54

КАВКАЗДАГЫ СОГУШ ӨРТҮ


Грузия менен Түштүк Осетия ортосундагы уруштун чыгыш себеп-жөнү ушу тапта аркыл өңүттөн иликтөөгө алынууда. Айрым байкоочулар чыгыш чегин кеңейтүүгө куштар Түнтүк Атлантика аскер альянсы менен Орусия ортосундагы тирешти күчөтүшү мүмкүндүгүн божомолдошууда.

Белгилүү саясат таануучу Орозбек Молдалиевдин пикиринде, грузин-осетин урушун мынчалыкка жеткирбей, кан төгүшпөй тынч жол менен чечүүнүн жолдору толтура болчу. Расмий Тблисинин Түндүк Атлантика аскердик альянсына кирүү демилгеси чырдуу маселени күч менен чечүүгө түрткү берди окшойт.

- Тыштан күйткүлөгөндөр да болуп жатат окшойт. Түштүк Осетия, анан да Абхазия маселеси Грузияда бар. Ушул эки жагында тең тышкы күчтөрдүн таасири күчтүү болуп жатат. Мына Абхазия калкынын 80% ашууну Орусия жарандыгын алып алышыптыр. Эгер ал жерде да чатак башталса Орусия жарандарынын кызыкчылыгын коргойбуз деген маселе келип чыкканы турат. Булардын баары тең эгемен өлкөнүн ички ишине кийлигишпей маселе чечкендин ордуна чатакты күчөтүп жибериши жакшы нерсеге алып келбейт.

Грузиянын Түндүк Атлантика аскердик албянсына эртерээк кирүү аракети күнкорсуз мамлекетттер шериктештигиндеги анын ири өнөктөшү болуп келаткан Орусиянын кызыкчылыгына кайчы келгенин саясат таануучу Токтогул Какчекеев да белгилейт.

- Бул жерде чынында Грузия менен Түштүк Oсетиянын чыр-чатагы болуп жатат. Грузия менен Абхазиянын чыр-чатагы болуп жатат. Грузия эки ирет Осетияга уруш ачпадыбы. Осетия өзүн жаңы республика деп жарыялагандан кийин элинин баары тең Орусиянын атуулдугун алып, анын 80 – 85% калкы өтүп кеткен.

Жазуучу Токтобай Мүлкүбатов грузин-осетин урушу жергиликтүү чектен чыгып, геосаясий деңгээлге айланып калганын, тирешке чоң күчтөр тартыла баштаганы көпчүлүктү кооптонтууда, деген пикирде.

- Бул жерде Грузия менен Осетиянын ортосунда эч нерсе жок. Бул НАТО менен Орусиянын ортосундагы кармаш. Себеби Орусия өзүнүн мурдагы империялык дем-дымагына келип жатат.

Түштүк Осетия калкынын айрым бир маалыматтар боюнча 80, экинчи бир ырастоолорго ылайык 90 пайыз, иши кылып, көпчүлүгү Орусия жарандыгын алышкандар. Алдагыдай шарт Грузияны тынчтык сүйлөшүүлөргө мажбурлоого Орусияга оопсуз чоң жүйөө болуп беришке жарайт. Саясат таануучу Орозбек Молдалиев “тынч сүйлөшүүлөргө мажбур кылуу” жөрөлгөсү буга чейин күнкорсуз мамлекеттер шериктештиги ортосунда сыноодон өтө элек болчу, дейт.

- Бул жакта эмне болсо ошол болсун дегендер да бар. Мисалы үчүн мына Тажикстанда жарандык уруш болгондо эч ким деле көңүл бурган эмес. Бейпилдикти коргоочу күчтөр Улуттар уюму тарабынан келген жок. Беш жыл жарандык согуштун өртү басылбай турду го.

Саясат таануучу Токтогул Какчекеев грузин-осетин чатагына Орусиянын кийлигишүүсү мурунку постсоветтик республикалар ортосундагы саясий мамиле-катыштарга олуттуу таасир көрсөтөт деген пикирде.

- Кайсы мамлекет Орусияны колдойт, кайсы мамлекет ушул маселенин Орусия чечишин каалайт, болбосо Осетияны жактайт, болбосо Грузияны жактайт? Ошонун чечилиши кандай болот? Бул өзү стратегиялык жүрүш болуп жатат.

Дүйнөлүк Олимп оюндары башталган чакта тутанган уруш өртү миңдеген жөнжай адамдардын өмүрүн алып кетти.

XS
SM
MD
LG