Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:34

Маектешкен Шайырбек Эркин уулу Түштүк Осетиядагы кагылышуулар токтогону менен орус-грузин чатагынан улам тутанган окуялар дүйнө коомчулугунун көңүл чордонунда кала берүүдө. Бул окуяларды кыргыз коомчулугу кандай кабылдап, ага кандай баа берүүдө? Улуу Британиянын “Согуш жана тынчтыкты чагылдыруу” институтунун Борбор Азия боюнча жетекчиси Кумар Бекболотов “Азаттыктын” таңкы түз обосунда ушул маселенин тегерегинде ой бөлүштү.

“Азаттык:” - Түштүк Осетиядагы жаңжал боюнча кыргыз саясатчыларынын арасында ар кыл пикирлер айтылып жатканы белгилүү. Сиздин баамыңызда, жалпы кыргыз коомчулугу, журтчулук бул окуяларды кандай кабылдады?

К. Бекболотов: Бул жерде биздин эл негизинен маалыматты орусиялык телеканалдардан алып жатканын эске алышыбыз керек. Мындай нерсе албетте, oрус-грузин жаңжалы боюнча эл арасында терең позицияны жаратты.

“Азаттык:” - Силердин байкоолор боюнча Кыргызстандын жергиликтүү маалымат каражаттары бул окуяларды канчалык жана кандай деңгээлде чагылдыра алды?

К. Бекболотов: Бизде негизинен Орусия маалымат каражаттарында айтылгандарды кайталап берүүлөр көп болду. Грузин тараптын көз карашы, алардын маалыматтары берилген жок десек болот. Бейтарап чагылдырылды делгени менен Орусия тарап, Түштүк Осетия тарап эмнени айтса ошонун көпчүлүгү бизде да берилип жатты. Негизинен эле КМШ алкагынан алып караганда бул чөлкөмдө Орусия медиасынын таасири күч. Андыктан кандайдыр бир бейтарап же Грузия тараптын да позициясын кошо чагылдырган маалыматтар шериктештештикте Балтика боюндагы өлкөлөрдө же Украинада гана болбосо, калган өлкөлөрдө Москвадан айтылган маалыматтар басымдуулук кылды деген ойдомун.

“Азаттык:” - Ошол маалыматтар биздин элге кандай таасир тийгизди?

К. Бекболотов: Албетте, бул жерде гуманитардык чоң катастрофа болду, массалык түрдө адам укугун бузуулар байкалды. Ушунун баары дүйнөдө терең кабатырланууларды пайда кылды. Бирок биздин эл арасында бейтарап, калыс пикирлер болгон-болбогонун айта албайбыз. Себеби бул окуяларды көпчүлүк эл орус тараптын маалыматы аркылуу угуп-билип жатпайбы.

“Азаттык:” - Грузиянын КМШдан чыгаарын жарыялоосу жана башка өлкөлөрдү да андан чыгууга чакыруусу бул шериктештиктин мындан аркы тагдырына кандай таасир тийгиши мүмкүн?

К. Бекболотов: Буга чейин айтылып келгендей эле менимче КМШ өзүнүн функциясын аткарып бүттү. Анын ордунда башка жаңы, чоң уюм түзүлүшү керек. Мындай уюм токсонунчу жылдардын башында керек болгон, азыр убакыт башка. Соңку жылдарда КМШ алкагындагы сүйлөшүүлөрдүн, келишимдердин натыйжасы, ишке ашуусу байкалбай калганы айтылууда. Грузия албетте, саясий протест катары КМШдан чыгып кетти. Бирок чыгып кетүүнүн өзү бир жылга жакын убакытты алчу процесс. Грузия бул уюмдан чыкканы менен КМШ алкагындагы виза же башка ушул сыяктуу аспектилер тууралуу келишимдерди күчүндө калтырууда. Канткен менен Грузиянын КМШдан чыгышы уюмга өтө деле чоң таасир тийгизбейт. Болгону бул уюмдун ишинин натыйжасы болбой калганы тууралуу пикирлерди күчөтүшү мүмкүн.
XS
SM
MD
LG