Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:57

И.ЧУДИНОВ МОСКВАДА БИР КҮНДҮК ИШ САПАРДА БОЛДУ


16-сентябрда өкмөт башчы Игорь Чудинов Москвада жумуш сапар менен болуп, орус өкмөт башчысы Владимир Путин, “Газпромдун” жетекчиси Алексей Миллер менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташууларды өнүктүрүү боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Сапардын максатында ошондой эле октябрь айына белгиленип жаткан орус президенти Дмитирий Медведевдин Кыргызстандагы сапарына даярдык көрүү экени да маалымдалды.

Премьер-министр Игорь Чудиновдун басма сөз катчысы Айбек Султангазиевдин билдирүүсүнө караганда, сапар учурунда Игорь Чудинов орус өкмөт башчысы Владимир Путин менен жолугушуп кыргыз-орус кызматташуусуна байланыштуу маселелер боюнча сүйлөшүү жүргүзгөн. Талкууланган маселелер тууралуу Султангазиев буларды билдирди:

-Энергетика, азык-түлүк коопсуздугуна байланыштуу маселелер талкууланды. Игорь Чудинов ошол эле күнү Москвада Алексей Миллер менен жолугушту. Анда энергетика багытында кызматташуу маселеси көтөрүлдү. Анын ичинде “Газпром” Жалал-Абад облусунда жүргүзүп жаткан геологиялык изилдөөлөрдүн абалы жөнүндө сөз болду.

Премьер-министрдин басма сөз катчысы И.Чудиновдун сапары ошондой эле орус президенти Дмитрий Медведевдин сапарына карата даярдыктарды көрүүгө байланыштуу болгонун кошумчалады. Белгилүү болгондой Дмитрий Медведевдин Кыргызстанга расмий сапары 10-октябрга боло турган КМШ мамлекеттеринин Бишкектеги саммитинин алдына белгиленүүдө.

Владимир Путин менен Игорь Чудиновдун жолугушуусунда эки өлкөнүн соодасынын көлөмү 2007-жылы 1 миллиард 200 миллион долларга жеткени канааттануу менен белгиленип, бирок айыл чарба, тоо кен тармагында кызматташууларды күчөтүү зарылдыгы айтылган. Владимир Путин орус капиталына Кыргызстанда дурустап шарт түзүүгө кыргыз жетекчилигин чакырган.

Кыргызстан тоо-кенчилер бирикмесинин башчысы Орозбек Дүйшеевдин пикиринде, Кыргызстан тоо-кен тармагында иштөөгө кызыккан орус компаниялары бар:

- Көптөн бери келүүгө аракет кылышууда.Бирок аларга биздикилер жакшылап көңүл бурбай жатышат. Россиянын Кыргызстанга кызыккан АПЕК деген чоң компаниясы бар, Средмаш бар. Россия менен иштесек бизге жакшы болмок. Бирок аны ишке ашырбай жатышат. Орустарга Кара-Балтадагы уран заводун берилген. Андан сырткары көмүр, алтын, күмүш кенине келиш мүмкүндүгү бар.

Кыргызстан Орусия менен энергетикалык долбоорлорду, тагыраак айтканда Камбар-Ата-1 ГЭСин курууда кызматташууга кызыкдар болуп келет. Андан сырткары Кыргызстан чечүүгө кызыккан дагы бир маселе- бул Кыргызстандын Орусия алдындагы 193 миллион доллар карызын кечүүгө жетишүү. Тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимовдун айтымында, кыргыз тарап ал карызды кечүүнү Москвага сунуштап келатат:

- Биз жактан сураныч коюлган. Биздин максатыбыз, оюбуз ошондой. Бирок аларга биз карыз болгондуктан акыркы чечимди алар кабыл алышат.

Президент Курманбек Бакиев 17-июлда Москвага жумуш сапарында, андан кийин Москвада болгон Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун саммитинин алкагында орус президенти Дмитрий Медведев менен болгон жолугушууларда энергетикалык долбоорлорду аткаруу маселесин койгону кабарланган. Аскар Бешимовдун маалыматы боюнча 2 миллиард доллар инвестицияны талап кылган ал доолбоорлорду ишке ашыруу боюнча эки тараптын адистери иштеп жатат:

- 2 миллиард доллар инвестиция боюнча эки тараптын эксперттери жолугушууларды өткөрүүдө. Тийиштүү документтер каралууда. Бирок ал документтер азыркы кезде долбоор катары турат. Аларга кол коюлгандан кийин күчүнө кирет. Ошон үчүн алдын-ала ал тууралуу маалымат берүү туура эмес.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG