Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:06

АКШ: Президенттик шайлоо «эрежесиз күрөш» менен коштолууда


АКШнын президенттигине талапкерлер Барак Обама жана Жон МакКейн
АКШнын президенттигине талапкерлер Барак Обама жана Жон МакКейн

АКШнын 31 штатында өлкөнүн келерки президенти үчүн добуш беришүүдө. Шайлоо өзү 4-ноябрда болот. Бирок мыйзам шайлоого эки жума калгандан тартып добуш берүүгө уруксат берет. Саясый өнөктүктүн башталса дагы добуштарды саноочу жүздөгөн машинелер бузук экени, жалган бюллетендер табылганы, айрым жарандарды саясый жүйөөдөн улам добуш бердирбөө аракети болгону жөнүндө маалыматтар бар. Принстон унвиерситетинин адистери 10 миң электрондук добуш санагыч бузук экенин маалымдашты.

АКШнын 31 штатында 16-октябрдан бери шайлооканалар иштөөдө. Калган штаттарда кат аркылуу добуш берүүгө уруксат. 4-ноябрдагы шайлоо күнүнө чейин америкалыктардын төрттөн бири добуш берет деп күтүлүүдө.

Бийликтердин айтышынча, быйыл эл шайлоого мурда болуп көрбөгөндөй көп катышат же эзели шайлоого катышпаган тогуз миллион адам добуш берет. Демпартиянын билдиришинче, жаңы шайлоочулардын көпчүлүгү өз добушун Барак Обама жана Конгресске талапкер демократтар үчүн беришет. 16-17-октябрда же шайлоонун алгачкы эки күнү Түндүк Каролинада 200 миңден ашуун адам добуш берсе, алардын 62 проценти демократтарды, 22 проценти республикачыларды колдогон.

Көпчүлүк жаштарды Обаманын коомду өзгөртүүгө жана эртелеп добуш берүүгө чакырган сөзү шыктандырууда. «Силер бүгүн биринчи жолу добуш бересиңер. Мен ким добуш бере элек болсо, аларды ушул жыйындан кийин добуш берүүсүн каалар элем. 4-ноябрга чейин күтпөгүлө!» деди Обама дүйшөмбү күнү Флориадада тарапкерлерине кайрылып.

Демпартиянын өз шайлоочуларын каттоодогу ийкемдүүлүгүнө тырчыган Республикачыл партия талапкерлерибизди тартып кетүүдө деп, бир нече штатта сотко да кайрылышты. Мисалы, Охайо штатында 200 миң жаңы шайлоочуну добуш берүүгө укуксуз деп чыгышты. Бирок Жогорку Сот республикачылардын дооматын негизсиз деп жокко чыгарды.

Виржинияда, Колорадодо жана Түштүк Каролинада шайлоо бийликтери студенттерге эгерде университтик шаарчада катталсаңар, стипендия албай каласыңар деген натуура маалымат берилген. Мичиган штатында болсо үйсүз калган же фотосүрөтү бар күбүлүк кагазы жок жарандар шайлоого катышпайт экен деген каңшаар тарап кеткен. Калфорния штатында ондогон адамдардар Республикачылдар партиясы жалдаган УРМ жеке менчик компаниясы аларды амал менен республикачыл шайлоочу деп каттаганын айтып даттанышты.

Мичиган жана Нью Мексика штаттарында Республикачыл партиянын аткаминерлери 3 миллиондон ашуун адамды тизмеден өчүрүп салганы аныкталды. Жалпы добуштар эсептелгенде, талапкерлер ортосундагы айырма чоң эмес болсо, демейде талаштуу добуштар тактап эсептелет.

2000-жылы Жогорку Сот флоридалык бир нече жүз шайлоочунун добушуна таянып, жеңишти Жорж Бушка ыйгаргандан бери добуш уурдоо АКШда олуттуу маселеге айланган. Ошон үчүн Обама менен МаКейндин адвокаттары «ит жыгылыш болсо» кандай күрөшүүнүн стратегиясын азыртан даярдашууда.

Эн-би-си телекомпаниясы жана “The Wall Street Journal” гезити 17-20-октябрда өткөргөн соңку изилдөөгө караганда, Барак Обаманы шайлоочулардын 52 проценти, ал эми Жон МакКейнди 42 проценти колдойт.

XS
SM
MD
LG