Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:42

ШАЙЛООДО КӨҢҮЛ ЧӨГӨРГӨН КӨРҮНҮШТӨР КӨП


Айрым бейөкмөт уюмдар жана оппозициялык партиялардын өкүлдөрү тарабынан бүгүнкү шайлоодо бурмалоолор болуп жаткандыгы айтылууда. Ал эми шайлоодо добуш берген мамлекет башчы Курманбек Бакиев бул жолку шайлоодо демейдегиден көп талапкерлер ат салышып жаткандыгын белгилеп, бүгүн шайланган жергиликтүү кеңештер эл үчүн кызмат кыларына ишенерин билдирди. Мындан тышкары Курманбек Бакиев БШКнын мурдагы төрайымынын билдирүүсү күтүүсүз болгондугун айтып, муну саясатчылар жергиликтүү кеңештерге шайлоонун алдында атайын жасашты, деген пикирин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып ачыктады.

БШК маалымдагандай бардык шайлоо участкалары бүгүн эртең менен саат 8:00 ачылып, ишке киришти. Саат 10го чукул Бишкек шаарындагы №1157 шайлоо участкасына мамлекет башчы Курманбек Бакиев келип, добушун берди. Президент бул жолку шайлоодо күрөш күч болуп жаткандыгын белгилеп, анда утуп чыккандар эл үчүн, мамлекет үчүн жакшы кызмат кыларына ишенерин билдирди:

-Азыркы шайлоолор жогорку деңгээлде, таза өтөт деп ойлойм. Экинчиден жергиликтүү кеңешке татыктуу депутаттар шайланат деп эсептейм. Биздин эл он жети жылдан бери далай шайлоонун башынан өткөрүп, тажрыйбасы чоң. Алар эми алдатпайт.

Ошол эле учурда бүгүнкү добуш берүүгө көз салып турушкан байкоочулар менен саясий партия өкүлдөрү шайлоо мыйзам бузуулар менен коштолуп аткандыгын айтып, доолбас кагып чыгышты. “Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясы өлкөнүн 2 миңден ашуун участогуна байкоочу койгон. Аталган уюмдун жетекчиси Динара Ошурахунованын “Азаттыкка” кабарлаганы боюнча мыйзам бузуулар болжолдонгондон бир топ көп болууда:

-Эң негизги маселе –шайлоочулардын тизмесинен шайлоочулар өздөрүнүн аты-жөнүн таппай калып атышат. Айрым шайлоо участкаларында кайра соттун чечимисиз эле кошумча тизме менен аларды добуш берүүгө киргизип атышат. Көпчүлүк аймактарда жаңы кодекс боюнча сотко жиберишүүдө. Мисалы: Базар-Коргон районунда тизмеден өздөрүн таппай калган шайлоочуларды сотко жиберген. Сот болсо “тизмени мен түзгөн эмесмин” деп, аларды айыл өкмөткө баргыла деп атыптыр. Мына ушундай фактылар бар. Бул эң биринчи шайлоочулардын активдүүлүгүнө бут тосот. Анткени бардыгы эле минтип сотко барып, анан добуш бербей кетип калып атышат.

Оппозициялык “Ата Мекен” партиясы жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына 55 талапкер чыгарган. “Ак шумкар” партиясынын атынан 11 талапкер ат салышууда. “Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев бүгүнкү шайлоодо добуш берүү башталбай жатып эле мыйзам бузуулар башталганына өкүнүчүн билдирди:

-Элдин шайлоого катышы өтө аз. Ошондой эле элди автобус, унаалар менен улам бир участокко ташып, бир эле адамды бир канча ирет добуш бердирүүгө аракеттер болуп жатат. Биздин партиядан да байкоочулар шайлоонун жүрүшүнө көз салып турушат. Алар мындай фактылар боюнча актыларды түзүп, протоколдорду даярдап атышат, биз мындай мыйзам бузуулар тууралуу кечинде саат 20 дан кийин, добуш берүү аяктаган соң, толук билдиребиз.

Айрым талдоочулар быйылкы жергиликтүү кеңештерге шайлоо саясий жактан өзгөчө жандуу болгондугун белигилешүүдө. Буга биринчи мисал катары апрель айынан бери абакта жаткан Ишенбай Кадырбековдун талапкерлигинин айланасында болгон ачык жана жабык талаш-тартыштар айтылууда. Бул пикир келишпестиктердин натыйжасында БШК ошол убактагы төрайымы Клара Кабилова мамлекет башчынын уулу Максим Бакиев менен президенттик администрациянын башчысы Медет Садыркулов тарабынан өзүнө кысым, өмүрүнө коркунуч туулганын коомчулукка ачык жарыялоо менен кызматынан чегинип, өлкөдөн чыгып кеткени белгилүү. Бул окуяга карата мамлекет башчы буга чейин пикирин билдирген эмес.

Тим гана Клара Кабилованын арызынын негизинде аны кызматтан алып койгон. “Акыйкат үчүн” кыймылы бул боюнча тараткан кайрылуусунда президенттин унчукпай кутулушун – ал өлкөдөгү мыйзамдуулукту жана элдин кызыкчылыгын эмес, өзүнүн жакындарынын, үй-бүлөсүнүн кызыкчылыгын жогору койду, деп баалаган.

Кабилованын билдирүүсүндө айыпталган Максим Бакиев менен Медет Садыркулов Башкы прокуратурага көрсөтмө беришип, БШК төрайымынын дооматын жокко чыгарышкан.

Бүгүнкү добуш берүүдөн кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, президент Курманбек Бакиев Кабилованын видео-кайрылуусу күтүүсүз болгондугун билдирди:

-Ал Минскиге кетерден бир күн мурун, 24-сентябрь күнү саат 15:00 мен аны кабыл алам, деп өзүмө жазып алган элем. Бирок ал келген жок. Себебин сурасам, ооруп калды, дешти. Андан кийин жанагы кайрылуусу болду. Ошондуктан, Клара өзү бул жерге келип, баарын ачык айтып, эмне себептен мындай болгонун түшүндүрүп берсе жакшы болот эле. Чынын айтсам, мен үчүн да түшүнүксүз болду эмнеге мындай болгону.


БШК төрайымынын алгачкы кайрылуусунан кийин коомчулук Кабилова өткөн жылкы Референдум менен парламенттик шайлоонун бийлик тарабынан бурмалангандыгы тууралуу да маалымат берет, деп күтүп турат. Айрым саясатчылар мындай болгон учурда парламентти таратууну жана шайлоонун бурмалануусуна жол берип, убагында унчукпай койгону үчүн Клара Кабилованын өзүн да сот жообуна тартуу зарылдыгын айтып чыгышты. Мамлекет башчы Курманбек Бакиев болсо өткөн жылкы добуш берүү жараяндары мыйзам чегинде, шайлоочулардын эрки менен адилет өттү деп бүгүн журналисттерге бекемдеди:

-Муну эчким далилдей албайт дагы, а түгүл ушундай бурмалоолор болгон деп, мени дагы, шайлоочуларды дагы ишендире да албайт. Мына карагылачы канча байкоочу отурат. Парламенттик шайлоодо алар мындан да көп болчу. Мына аймактардагы адамдар да айтып атышат: өткөн жылы парламенттик шайлоону партиялык система менен өтүп, абдан жакшы, адилет болду, деп баары айтып атышат. Бүгүнкү күнү Кыргызстанда шайлоону бурмалоого мүмкүн эмес.

Бүгүн болуп жаткан жергиликтүү кеңештерге шайлоону өткөрүү тууралуу президенттин жардыгы үстүбүздөгү жылы 4-августта жарык көргөн. Бүгүнкү шайлоодо жалпы өлкө боюнча айылдык, райондук, поселкалык жана шаардык кеңештердин депутаттыгына 7643 мандатка 15 139 талапкер ат салышууда. Алардын ичинен 835 талапкер саясий партиялардын атынан катталган.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG