Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:44

12:45 Эмгек мигранттарынын 80% кайда жана кандай шартта кетип жатканын билишпейт


Бул тууралуу бүгүн Миграциялык саясат башкармалыгынын жетекчиси Нурлан Кубенов Эмгек миграциясы тууралуу мыйзамды талкуулоо учурунда билдирди. Анын айтымында Миграция жана калкты иш менен камсыз кылуу комитетинин жакынкы иликтөөсү ушундай жыйынтыктарды берген. “Жыл сайын Кыргызстанда 100 миңдеген жаштар эмгекке жарамдуу куракка келишет. Бирок улуттук экономика алардын жарымын гана иш менен камсыздай алат” - дейт Н. Кубенов. Миграциялык саясат башкармалыгынын жетекчисинин пикиринде жумушсуздук маселеси мамлекеттин агрардык жана өндүрүштүк жааттагы саясаты туура жүргүзүлбөгөндүктөн азыр курч турат. Эмгек миграциясы тууралуу мыйзамга толуктоо - өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча бүгүн өтүп жаткан тегерек стол үстүндөгу талкуу Миграция боюнча эл аралык уюмдун демилгесинде өтүп жатат. Расмий маалыматтарга ылайык Орусияда кыргызстандык 300 миң, ал эми Казакстанда 100 миң эмгек мигранттары бар. (EK)

XS
SM
MD
LG