Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:02

Иран, Россия жана Катар газ картелин түзмөк болушту


Иран, Россия жана Катар газ экспорттоочу өлкөлөрдүн уюмун түзүүнү макулдашты. Келечектеги картелдин уставы 18-ноябрда Москвада боло турган кезектеги жыйында бекитилет. Эксперттер газ картели ОПЕК өңдүү таасирдүү уюмга айланары күмөн дешет.

Эксперттер эсебинде дүйнөдөгү бүткүл газ запасынын 60 проценттен ашууну Ирандын, Россиянын жана Катардын үлүшүнө туура келет. Ошол себептен Тегерандагы жолугушууда жетишилген макулдашууну Ирандын мунай өнөр жай министри Голям Хуссейн Нозари “улуу чечим” деп атады. “Масштабдуу газ долбоорлорунун жүзөгө ашырылышы үч өлкөнүн өз ара саясий байланыштарын жакшыртууга мыкты өбөлгө болот”, - деп кошумчалады Катардын мунай министри Абдулла бин Хамад ал-Атия. Россиянын “Газпром” компаниясынын төрагасы Алексей Миллер тараптар газ тармагындагы стратегиялык кызыкчылыктарын эске алып, туруктуу негизде жолугушуп турууну чечкенин билдирди.

Брюсселде жайгашкан эл аралык кризис тобунун эксперти Чарлз Эссер Тегерандагы жолугушууда кабыл алынган чечимди комментариялап, мунай экспорттоочу өлкөлөрдүн уюму – ОПЕК өңдүү газ картелинин түзүлүшү көп жагынан күмөндүү экенин белгиледи. Эмнеге дегенде газ чөйрөсүндөгү келишимдер узак мөөнөткө, кээде 25 жылга эсептелип түзүлөт. Мындан тышкары мунайдан айрымаланып дүйнөлүк рынокко газ ташып чыгуунун мүшкүлү көп. Анын үстүнө Тегерандагы жолугушууга катышкан үч өлкөнүн ар түрдүү кызыкчылыктары бар. “Газ картелин түзүүгө үч тараптын тең чындап ыкыласы бар деп айта албас элем”, - дейт Эссер. Ага караганда бул жерде атаандаштыкты координациялоо башкы максат болчудай.

Эссер Евросоюз газ картелинин түзүлүшүнө каршы болорун ырастады. Эмне үчүн? Анткени картелдер адат катары газ же мунай жөнөтүүнү кыскартканга кызыкдар, бу болсо керектөөчүлөр үчүн баанын кымбатташына алып келет.

Деген менен Москва 18-ноябрда газ экспорттоочу өлкөлөрдү жыйынга чогултканы жатат. Анда Россия, Иран жана Катар жаңы картелдин уставын талкуулап, кабыл алууну пландаштырышууда. Жыйынга Алжир менен Индонезия да чакырылды. Ал эми Ливия, Малайзия, Нигерия, Бириккен Арап Эмираты, Египет, Тринидад жана Тобаго, Венесуэла жыйынга өз өкүлдөрүн жөнөткөнгө убада беришти. Ага байкоочу катары Норвегия да катышканы жатат.

XS
SM
MD
LG