Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:55

Э.Ткешелашвили: “Орусия Грузия менен жаңжалда жоготууга учурады”


Грузиянын тышкы иштер министри Эка Ткешелашвили
Грузиянын тышкы иштер министри Эка Ткешелашвили

Грузиянын тышкы иштер министри Эка Ткешелашвили (Eka Tkeshelashvili) 28-октябрда “Азаттык” үналгысынын Прагадагы кеңсесинде болду. Кабарчыбыз Брайан Вайтморго куруп берген маегинде, Ткешелашвили айым Тбилисинин НАТОго кошулуу мүдөөсү, Абхазия жана Түштүк Осетияга байланыштуу Орусия менен жаңжалы тууралуу суроолорго жооп берди.

Расмий Тбилиси 1990-жылдын башынан бери Абхазия жана Түштүк Осетия менен солгундап кеткен мамилелерин эл аралык уюмдардын жардамы менен чечүүгө аракет кылып келген. Бир жагынан бул ишке ашты. Бирок, башка жагынан алып караганда, көпчүлүк байкоочулардын айтымында, Грузия бул эки аймагын тең толугу менен колдон чыгарып жибериши ыктымал. “Азаттыктын” кабарчысынын “мындай шартта Тбилиси эки аймакты кантип кайтарууну пландаштырууда?” деген суроосуна Эка Ткешелашвилинин жообу мындай болду:

- Биз бул жеңил жараян болбосун түшүнөбүз. Бул – абдан конструктивдүү жана олуттуу мамиле жасай турган процесс. Бул Грузиянын мамлекеттүүлүгүнө гана тийешелүү маселе эмес, бул көптөгөн адамдарды, үй-жайынан куулган жүздөгөн качкындарды ойлонткон маселе. Алар чындыгында эле үйлөрүнө кайтып барып, коопсуз жана жакшы шарттарда жашоону каалайт. Сүйлөшүүлөрдө бул маселени жөндөөгө өзгөчө маани беребиз. Грузиянын аймактык бүтүндүүлүгү маселеси бардык сүйлөшүүлөрдүн жана талкуулардын чордонунда боло берет. Бирок адамдардын өмүрү жана алардын укугу биз үчүн жетектөөчү принцип бойдон калат.

Жакында эле Орусия, Абхазия жана Түштүк Осетиянын бийлиги грузин полициясын бул эки административдик чек арада кутум уюштурду деп айыптаган. Бирок Евробиримдиктин байкоочулар миссиясынын жетекчиси Хансиорг Хабер (Hansjoerg Haber) мындай арызданууларда далилдер аз болгонун билдирди. “Азаттыктын” “бул эки аймактын чек арасында чындыгында эмне болгон жана куралдуу кагылышуулар кайрадан жанданышы ыктымалбы?” деген суроосуна Ткешелашвили айым мындай деп жооп кайтарган:

- Менимче, Орусия Түштүк Осетия жана Абхазияда кырдаалдын эл аралык механизмдерди пайдаланып турукташтырууну, региондон чыгып кетүүнү, качкындарды коопсуз жана татыктуу кайтаруубузду ачык эле каалабайт. Орусия Евробиримдиктин байкоочулар миссиясын Түштүк Осетия жана Абхазияга киргизбөө үчүн болгон аракетти көрүүдө.

Орусия Грузия менен согуштук жаңжалда кандай максатты көздөгөн жана ага жете алдыбы? Грузиянын тышкы иштер министри Эка Ткесхелашвилинин жообун уксак:

- Сиз анализ жүргүзчү болсоңуз, Орусия Грузиянын аймагына кирип жатып, эч кандай максат көздөбөгөндөй. Бул жерде өкмөт алмашкан жок, Грузиянын багытын Батыштан Орусияга өзгөртүү аракети болду. Грузия үчүн НАТО жана Евробиримдиктин эшиги жабылган жок. Дүйнөдө жана Евробиримдикте Орусиянын отун-энергия булагын диверсификациялоо жана отун-кубатынан көз карандысыз болуу жөнүндө аябай сөз болду. Орусия бул оюнда чоң жоготууга учурады. Орусия бул мүшкүлдөн кийин Түштүк Осетия менен Абхазияны бир тараптуу түрдө тааныды. Бирок бул Орусия көздөгөн максат эмес болчу.

Орусия Украин бийлигин Түштүк Осетия жана Абхазия менен согуштук жаңжалда Грузияны курал-жарак менен камсыз кылган деп айыптап келет. “Мындай айыптоолорго негиз барбы?” деген суроого министр айым Кремлдин айыптоолорун четке кагып, “Орусия бизди айыптай берет, бирок бул – эгемендүү Грузия менен Украинанын ички маселеси, Орусиянын буга тийешеси жок” деп жооп кайтарган.

XS
SM
MD
LG