Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:49

Обаманын жети каналдагы үгүтү


АКШда улуттук жети телеканал демократ-сенатор Барак Обаманын отуз мүнөттүк үгүт тасмасын көрсөттү. Аны республикачыл-сенатор Жон Маккейн “куру убадалардын рекламасы” деп баалады.

Үгүт тасмада жакыр-жалчы жарандар жашоо-турмуштун кыйынчылыгына даттанат, айрым саясатчылар менен бизнесмендер Обаманы колдой турганын айтышат. Талапкердин өмүр жана саясий таржымакалы баяндалат, өнөктүк маалында сүйлөгөн анын сөздөрүнөн келки-келки үзүндүлөр келтирилет. Сөздөрүнүн биринде Обама: “Мен идеалдуу президент боло албайм. Бирок силерге дайыма оюмдагыны айтканга, эмнеге көзүм жетип ынансам, ошону билдиргенге сөз берем”,-деп ишендирет. Алдыдагы шайлоону ал “жаңы жумушчу орундар түзүлүп, эмгектин акыбети адилет бааланган жана гүлдөп-өнүккөнгө өбөлгө болчу экономикалык тарыйканы” тандап алуу мүмкүндүгү деп атайт. Акырында ал “өзгөрүштөрдүн маалы келгенин” эскертип, америкалыктарды “дүмөктөнүүгө эмес, үмүттөнүүгө, араздашууга эмес, биригүүгө” чакырат.

Үгүт тасманы CBS,Fox,NBC өңдүү негизги телекомпаниялар, ошондой эле BET, MSNBC, TV One жана испан тилдүү Univision каналдары көрсөтүштү. Биринчи үчөөнүн ар бирине Обама бир миллион доллардан акча төлөдү, калгандары дагы бир миллион доллардай акыны үлөштүрүп алышты.

Атаандашынын үгүт тасмасын Жон Маккейн “аткарылбас иштерди убада кылган коммерциялык реклама” таризинде баалады. Андан саал мурдараак ал Флорида штатындагы Тампа шаарындагы митингде шайлоочулардын көңүлүн экономикалык проблемалардан тышкы саясий жана улуттук коопсуздук маселелерине бурганга аракет кылды. “Сенатор Байден эгер Обама президент болуп шайланса алгачкы алты айда анын администрациясы эл аралык кризистин сыноосуна кабыларын айткан эле, - деп көрсөттү Маккейн. – Мындай сынактан мен эбак өткөмүн, достор, сыналып бүткөмүн, ал эми Обама болсо мындай сынакты али көрө элек”.

“Усама бин Ладенден,”Ал-Каидадан” жана дүйнөдөгү башка коркунучтардан Американы коргоп кала турган сапат бул адамда барбы?”-деп сурады Маккейн жана ага өзү жооп берди: “Мындай сапатын ал көрсөткөн жок”.

Обама үгүт тасмадагы сөздөрүнүн биринде “өлкөнү коргоо ишинде эч качан олку-солкуланбай” турганын, ”куралдуу күчтөрдү 21-кылымдын талаптарына шайкеш келтирип жабдып чыгарын”, “Иранды ядролук куралга ээ кылбас үчүн жана орустардын агрессиясын ооздуктаганы” тикелей бекем дипломатия жүргүзөрүн, ”Ал-Каида” жана “Талибан” менен күрөштүн толук үдөөсүнө чыгарын” айткан эле.

Социологиялык соңку иликтөөлөрдө Обама дале алдыда баратат. Бирок Маккейндин штабындагылар ажырым кыскарганын айтышууда. Сенатор өзү болсо жорунчулар “мурда да жаңылышканын, азыр да жаңылып жатышканын” белгиледи.

Шаршемби күнү кечинде Флорида штатынын Орландо шаарында өткөн үгүт жыйынына Обама менен бирге экс-президент Билл Клинтон катышты.“Бу жерде маселе жок, -деди Клинтон шайлоочуларга кайрылып.- Эгер ким бизди ордон тартып чыга аларын, кимдин позициясы, жөндөмү мыкты экенин, кимдин акылы тетик экенин билсеңер, анда, менимче, баары айкын: силердин колдооңор менен сенатор Барак Обама АКШнын келерки президенти болууга тийиш жана болот”.

ABC телеканалындагы сөзүндө Обама кокус шайлоодо утулуп калчу болсо, андан дүйнөнүн түркүгү кулагандай түнөрүп калбай турганын, сенатор иретинде жаңы президенттин командасы менен иштеше берерин билдирди.

XS
SM
MD
LG