Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:58

АКШдагы аламан шайлоого Кыргызстанда кызыгуу чоң


Ушул сааттарда Америка эли кырк төртүнчү президентин тандоодо. Шайлоодо ат салышып жаткан эки талапкердин кимиси марага чыгаары кыргыз коомчулугунда да кызыгууну жаратууда.

АКШда шайлоо кампаниясы Американын чыгыш штаттарында- Жоржия, Түштүк Каролина, Кентуки, Вермонт, Индиана жана Виржинияда башталды. Эң акыркылардан болуп шайлоо бекеттери Аляскада ачылат. Алдын ала сурамжылоолорго ылайык АКШнын тарыхында эң алгачкы кара түстөгү талапкер Б.Обама атаандашы республикачыл Ж. МакКейнден 7-11 пайызга алдыда барат.


Дүйнөлүк массалык маалымат каражаттары жазып чыгышкандай, Ооганстандагы жана Пакистандагы коопсуздук, АКШнын Кытай жана расмий Москва менен мамилелери мындан ары кандай нукта өнүгөт – бул АКШдагы бүгүнкү шайлоонун жыйынтыгына байланыштуу болот.

Эл аралык байланыштар боюнча эксперт Жума Абдуллаев дүйнөдөгү орчун окуяларды куралдын күчү менен чечүүгө ыктаган республикачыл Ж. МакКейн президент болуп шайланса, бул АКШнын өзүнө эч жаңылануу алып келбейт деген көз карашта:


“Шумкарлар менен көгүчкөндөр” деген түшүнүк бар эмеспи. Бул жерде Жон МакКейндин тобу “шумкарлар” болуп жатат. Мына ушундай “шумкарлардын” бийликке келиши Американын аброюн көтөрбөйт. Тескеринче, бул адамдын келиши АКШнын экономикасына чоң залалын тийгизиши мүмкүн.


Ушул сааттарда шайлоо өнөктүгү жүрүп жатканына карабастан кийинки төрт жылга АКШнын президенти ким болооору боюнча ар кыл жоромол пикирлердин изи сууй элек. Мындай талкуулар акыры президенттин ысымы белгилүү болгонго чейин уланат сыяктанат. Саясый серепчи Кубан Абдымендин белгилешинче, алдын ала сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча Б.Обама алдыда баратат деп айтылганы менен добуш берүү маалында жагдай Жон МакКейндин пайдасына өзгөрүшү толук мүмкүн:


-Обама алдыда деп айтылганы менен добуш бергенден кийинки жыйынтык башкача болуп калат деген коркунуч бар.


Ал эми мурунку Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу тынчтык жолун колдогон Б.Обаманын бийликке келүүгө мүмкүнчүлүгү көбүрөөк экенин айтат:


-Америкага ыймандуу, тынчтыкты көздөгөн, согуштан алыс президент келсе деген бир гана Американын эмес, биздин да үмүт бар. Биз ошондой талапкерди Б.Обама деп ойлоп жатабыз. Бул согушту каалабаган саясатчы экен, ошондуктан Обама президент болсо Кыргызстандагы асерий аба база алынып чыгат деп ойлойм.


Мына ушинтип дүйнөдөгү каржы кризисин эске алганда, америкалыктардын көбү демократ Б.Обамага ишеним артышы мүмкүндүгү айтылууда. Ошентсе да анык аскер адам катары маселенин күч жолу менен чечилишине артыкчылык берген Жон МакКейн өзүнүн дал ушундай катуу позициясы менен шайлоочуларды өзүнө тартышы мүмкүн. Мындай пикирин саясат таануучу Марат Казакпев “Азаттыкка” билдирген эле:


-Жон МакКейн жеңет деп ойлойм. Анткени анын программасы реалдуу болуп жатапайбы.


Эки талапкердин кимиси көп добуш топтойт деген суроо менен бирге эле, тигил же бул талапкердин шайланышы менен АКШнын тышкы саясатында кандай өзгөрүүлөр болоору да кызыгууну жаратууда. Кубан Абдымен америкалыктар кайсы гана талапкерди президент кылып шайлабасын, андан АКШнын Борбор Азияга карата саясаты өзгөрүп деле кетпейт деп эсептейт:

-Бийликке Б.Обама келсе да, Ж.МакКейн келсе да АКШнын Орто Азияга, анын ичинде Кыргызстанга болгон мамилеси чукул өзгөрбөйт.

Маалыматтарга караганда, Америкада жалпы шайлоочулдардын үчтөн бир бөлүгү алдын ала добуш беришкен. АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен “Азаттыкка” билдиришкендей, элчиликтеги америкалык кызматкерлер өз добуштарын буга чейин алдын ала почта аркылуу жөнөтүшкөн.

XS
SM
MD
LG