Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:11

Озонотерапия – көп дарттарга даба


Озонотерапия көп дарттарга, өзгөчө жер титирөөдөн жабыр тарткандарга, малдардан жукчу дарттарга, жыныстык ар кандай ооруларга эм болот.

Кыргызстанда азырынча Бишкекте 3 жылдан бери иштеп келаткан “Озонотерапия Андреев-Шапак” жеке медициналык борборунан башка озон менен дарылоого ыңгайлашкан медициналык борбор жок. Аталган медициналык борбордун директору Гүлаим Делдеңбаеванын пикиринде мындай борборлорду аймактарга да ачуу зарыл.

Айрыкча кечээги Алай жергесинде болуп өткөн зилзаладан жапа чеккендерге озон менен дарылоонун пайдасы чоң:

-Ооба, мына кечээ жакында Алайдагы зилзаладан жаракат алгандарга, ошондой эле стресстик жаракат алгандарды профилактикалоодо да, дарылоодо да озондук терапиянын жардамы чоң болмок.

Гүлаим Делдеңбаева озон терапиясынын малдан жукчу дарттарга да эми чоң жардам берерин белгилейт:

-Кийинки убакта малдан жукчу күйдүргү, брюцеллез, эхинококк дарттары көбөйүп жатпайбы. Мына ушул дартты жугузуп алгандар көптө айыгышат. Мындайда озон менен дарылоо кыйла эффективдүү болмок.

Озон менен дарылоону Кыргызстанда өнүктүрүү үчүн жабдыктар, адистер зарыл:

-Озонотерапиялык ыкма менен дарылоо борборлору аймактарда жок болгондуктан, көпчүлүк эл Бишкекке да келалбайт. Биздин борборго алыскы райондордон келишкендер бар. Бирок алар дарт кыйла өтүшүп кеткенде келип жатышат. Ошондуктан мындай озонотерапиялык борборлорду облустардын, райондордун борборлоруна ачуу керек. Анүчүн албетте мамлекеттик колдоо зарыл. Озон менен дарылоочу борборлорду иштетүү үчүн медициналык аппараттар жок Кыргызстанда. Адистерди да окутуп чыгарыш керек,-дейт Гүлаим Делдеңбаева.

Озонотерапияда – дары-дармектин, ийненин кереги жок. Мында кислород толтурулган баллондон кислород озонаторго түшүп, озонатордон озон бөлүнүп чыгат. Атайын бөлмөнүн ичи озон менен кислородго толтурулуп, оорулуу андан дем алат. Дем алганда дем алуу органдары аркылуу озон канга барып, кандагы микробдорду, бактерияларды, вирустарды өлтүрүп, кандагы ал токсиндер же болбосо уулар адамдан тер аркылуу, заара-заң аркылуу чыгып кетет.

XS
SM
MD
LG