Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:14

ЕС-Россия: сүйлөшүүлөр кайра жанданат


Евросоюз Россия менен өнөктөштүк тууралуу сүйлөшүүлөрдү кайра жанданта турган болду. Бул чечимге биримдикке кирген өлкөлөрдөн бир гана Литва кошулган жок.

Ушу кезде Евробиримдик менен Россиянын мамилелери 1997-жылы түзүлгөн келишимге негизденет. Аны жаңылоо боюнча аракеттер жасалып, 2006-жылдын этегинен бери оңунан чыкпай келатат. Адегенде буга Польша каршы чыгып, кийин ага Литва кошулган. Акыры сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасы быйыл жайда башталып, октябрда улантылмак болгон. Августта Кавказда тутанган согуштан улам Евросоюз 1-сентябрда сүйлөшүүлөрдүн кийинки айлампасын белгисиз мөөнөткө чейин токтотуп салган.

Шаркеттин тышкы иштер министрлери дүйшөмбү күнү Брюсселдеги жыйында сүйлөшүүлөрдү кайра жандантууга даяр экенин ырасташты. Тышкы мамилелер жана коңшулук саясат боюнча еврокомиссар Бенита Ферреро-Валднер Литванын каршылыгы процесске жолтоо боло албай турганын билдирди. Ошол эле учурда ал бул чечим Россияга кандайдыр бир таберик жасоо дегенди билдирбей турганын, анын быйыл жайдагы Грузиядагы аракеттери Евросоюз үчүн баштагыдай эле “кабыл алгылыксыз” иш бойдон калганын эскертти.

“Кеп бул жерде жаман иштери үчүн Россияны кубаттоо тууралуу болуп жаткан жери жок, - деп коштоду бул ойду Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Милибэнд. - Биз Россия жасаган айрым бир кадамдарга күбө болдук, алар бир топ маанилүү, бирок аскерлер дале толугу менен чыгарылган жок”.

Британ министри кантсе да Евросоюздун кысымы Москвага таасир көрсөткөнүн белгилеп, жаңы келишим стратегиялык маанидеги документ эместигин, Грузиядагы окуялардан кийин эки тараптын мамилелери мурдагыдай нукка кайра түшөрү күмөндүү экенин да кошумчалады.

Кавказдагы уруштан улам Москванын катаң сынчысына айланган Швециянын тышкы иштер министри Карл Бильдт да жаңы келишим эки тарапка тең пайдалуу болорун белгиледи. Франциянын тышкы иштер министри Бернар Кушнер Россия өзүнө алган бардык милдеттенмелерин аткарды деп эсептейт. “Аскери аракеттер токтотулду, куралдуу күчтөр чыгарылды, гуманитардык иштерге жол ачылды, европалык байкоочулар өз озуйпасын аткарууга киришти, акырында Түштүк Осетия жана Абхазия боюнча консультациялар башталды”,-деп көрсөттү француз министри.

Сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы качан башталары азырынча так эмес.Бул маселе ушул аптанын этегинде Ниццеде ачылганы жаткан Россия-Евросоюз саммитинде аныкталышы ыктымал. Жолугушууда финансылык кризис, АКШнын ракетадан коргонуу системасы, энергетика, визасыз режим маселелери талкууланат.

Брюсселдеги жыйындын чечимин Россиянын тышкы иштер министрлигинде калбаат кабыл алышты. “Биз бул келишимсиз эле жашап келгенбиз, Евросоюз өнөктөштүк тууралуу сүйлөшүүлөрдү жанданткысы келсе, анда алар качан буга даяр болгуча биз күтө турабыз”,- деп билдирди министрликтин өкүлү Интерфакстын кабарчысына.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG