Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:21

Тоолуу Карабактын лидери сүйлөшүүлөргө катышууну каалайт


2-ноябрда Москвада Армения, Азербайжан жана Орусиянын президенттери бирдиктүү декларацияга кол койгондо, туңгуюкка кептелген Карабак жаңжалы чечилет деген үмүт пайда болгон. Бирок таанылбаган Тоолуу Карабак республикасынын лидери Бако Саакян (Bako Sahakian) “Азаттык” үналгысынын Армян кызматына курган маегинде Тоолуу Карабакка тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышууга укук берилмейин мындай үмүттөр таш кабаарын айтты.

Эл аралык коомчулук тааныбаган Тоолуу Карабак республикасынын лидери ЕККУнун Минск тобу тарабынан бекитилген тынчтык жараянына Армения жана Азербайжан менен катар аймактын макамы тууралуу сүйлөшүүлөргө катышууга толук жетилгенин билдирди.

“Азаттык” үналгысынын Армян кызматына курган маегинде Тоолуу Карабактын лидери Бако Саакян тынчтык сүйлөшүүлөргө багытталган эл аралык коомчулуктун аракеттерин колдоого алды. Бирок, ошол эле учурда, Тоолуу Карабак бул сүйлөшүүлөргө толук укуктуу катышмайынча узакка созулган жаңжалга чекит коюлбай турганын айтат.

Минск тобунун теңтөрагалары - Франция, АКШ жана Орусия Карабактын лидери менен сүйлөшүү үчүн Степанакертке маал-маалы менен барганына карабастан, формалдуу түрдө Карабак ЕККУнун сүйлөшүүлөрүнө катышпайт.

1990-жылдардын башында аймактан Азербайжан күчтөрү сүрүп чыгарылгандан бери Тоолуу Карабак Бакунун амирин тааныбайт. Бул чатакта Орусия Арменияны колдогон.

Саакян азыркы кырдаалды мындайча түшүндүрөт:

- Биз дайыма өз билдирүүлөрүбүздө кеңири диалог керектигин белгилеп келебиз. Ошол эле учурда бир нече ирээт Тоолуу Карабактын өкүлү катышпай туруп эл аралык коомчулуктун проблеманы чечүүнүн жолдорун табуу аракети натыйжалуу болборун айтып жүрөбүз.

Ушул айдын башында Азербайжан жана Армениянын лидерлери Тоолуу Карабак чатагын тынчтык жолу менен чечүү аракетин уланталы деп макулдашкан. Мындай декларацияга президенттер Илхам Алиев жана Серж Саркисян Орусиянын президенти Дмитрий Медведевдин Москванын четиндеги резиденциясында өткөн сүйлөшүүдө кол коюшкан болчу.

Москва декларциясы 1994-жылдан бери Тоолуу Карабак чатагын жөндөө боюнча Азербайжан жана Армения ортосундагы биринчи документ. Буга дейре Азербайжан, Армения жана Орусиянын президенттери тынчтык планын төрт жыл мурда Казакстандын ордо калаасы Астанада талкуулашкан. Бирок 1988-жылдан бери келаткан араздашууну жөндөө боюнча жасалган дипломаттык аракеттер натыйжасыз бүткөн.

Саакян сүйлөшүүлөрдүн азыркы форматы өзгөртүлүшү керек деген пикирде:

- Бардык жолугушуулар учурунда, өзгөчө Минск тобуна кирген теңтөрагалардын катышуусу менен өткөн сүйлөшүүлөрдө, биз алардан болгон бийлигин жана укуктарды колдонуп азыркы форматты өзгөртүүсүн жана Тоолуу Карабактын сүйлөшүүлөргө толук укуктуу тарап катары катышуусун талап кылганбыз.


Саакян Тоолуу Карабактын талаштуу маселеде өзүнүн көз карашы бар экенин баса белгилейт.

XS
SM
MD
LG