Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:39

Бириккен Улуттардын Балдардын укуктары боюнча конвенциясы жаш балдарды согушка тартууга тыюу салат. Бирок эл аралык келишимдерге карабастан жашы жете элек улан-кыздар дүйнөнүн булуң-бурчундагы согуштарга катышып келатышат.

Европада 20-кылымдын этегинде колуна курал алып, Балкандагы согушта согушкан балдар бүгүн 30 жаштын кырына келип калган чак. Алардын тагдыры тууралуу жазган "Азаттыктын" Түштүк-славян, Албан кызматтарынын кабарчысы Миржана Ракела ушул аптада Лорензо Натали сыйлыгына татыды. Анда анын аскер балдар тууралуу даярдаган радио репортаждарынын урунттуу жерлери менен тааныштырабыз.

Нарцис Мисанович Балкан согушунда курчоодо калган Сараево шаарын коргоо үчүн Босния армиясына кошулганда 11 жашта болчу. Ал согуш жылдар оор мезгил болгонун, бирок Босния-Герцеговинанын боштондугу үчүн колуна курал алганына сыймыктанаарын айтат. Бирок ал согуштун айынан окуудан калды, атасы менен агасынан айрылды, үйү бомбадан талакаланды. Хорватиянын жашы жете элек согуш волонтерлерунун биримдигинин болжолунда, 1991-1995-жылдардагы Балкан согушунда 3 миңдей бала согушкан.

Бул бир гана аймакта, ал эми дүйнө боюнча, ушул тапта 33 согуш жаңжалына 300 миңдей улан-кыз катышып жатат. Өкмөттүк эмес уюмдардын болжолунда, алардын 100 миң чактысы Африкада.

Булар адатта 14-18 жаштагы балдар, бирок тогуз жашынан согушка киргендер да жок эмес. Алардын айрымдары өз каалоолору менен колуна курал алат, бирок басымдуу көпчүлүгүн партизандык кыймылдар же армиялар күчтөп өз катарына кригизишет. Башкалары согуштардын айынан жетим, ач-жылаңач калганда аргасыздан жоокер болушат.

Алардын арасында кыздар да бар. Эл-Салвадордо, Эфиопияда жана Угандада аскер балдардын ар бир үчүнчүсү кыздар. Аскердик топко алынгандан кийин, балдар тамак бышырып, жүк ташып, же кайгуулга чыгышат. Согуштарга катышып, мина талааларын патролдошот, ал эми Ооганстан, Ирак сыяктуу жерлерде жан кечтиликке мажбурланат.

Жаш балдарды аскер кызматына пайдаланууну токтотуу коалициясынын өкүлү Енрик Рестойдун айтымында, Палестина жана Ирак сыяктуу аймактарда балдар такай зордук-зомбулуктун атмосферасында жашашат жана арасында колуна курал алып, согушка катышкандар кийин психологиялык көп проблемаларга туш болушат. Өздөрү жашырганы менен, айрыкча кылмыш кылгандар согушту көпкө унута алышпайт. Аларга жардам көрсөтүү программалары адатта аз гана убакытка созулуп, алардын узак мезгилдүү билим алуусуна жана коомго кайра кошулушуна жетиштүү көңүл бурулбайт.

Хьюман Райтс Уотч укук коргоо уюмунун кызматкери Жо Беканын маалыматында,

- Бирмада бийликтер миңдеген балдарды кармап кетип, армияга киргизишет. Оор машыгууларга чыдабаган балдарды уруп-сабашат, айрымдары оор жарааттан көз жумушат.

Европа парламенти балдарды армияга алууга жана аларды согушка колдонууга каршы резолюция даярдаган. Документтин авторлорунун бири, Британиядан шайлагнан депутат Шарон Боулс балдарды аскер катары пайдаланууну кулчулуктун жаңы формасы деп эсептейт:

- Көп учурда бул балдарга маң зат берип, согуш майданында алдыңкы катарга коюшат. Алардын баелугун курал катары колдонушат. Жаш балдардын согушка пайданылаарын канчалык көп киши билсе, Балдардын укугу тууралуу конвенция көбүрөөк сыйланат деп ишенем.

XS
SM
MD
LG