Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:19

Т. Бакир уулу: Мындай жашоого болбойт


"ЭрК" партиясынын лидери Турсунбай Бакир уулу өлкө аймактарында эл менен жолугушууларды өткөрүүдө. Кыдыруунун максаты, элдин ал-абалы тууралуу ал “Азаттыктын” таңы маегинде кеп салып берди.

- Турсунбай мырза, сиздер кайсы райондорду, региондорду кыдырдыңыздар. Сиздердин байкоо боюнча элдин абалы, маанайы кандай экен?

- Биз Талас облусунан кийин, Ош облусунун Кара-Суу районунун Папан айылынан баштап, Ош облусун кыдырып, андан кийин Баткен облусуна өттүк. Ал жерден кийин эми Жалал-Абад облусуна өттүк. Элдин маанайы бардык жерде окшош. Талас болобу, түштүк болобу, баары эле бүгүнкү бийликтин саясатына нааразы.

-Негизги көйгөй эмнеде экен?

- Биринчи маселе, бул электр энергия, жарык маселеси. Экинчиси, турмуштун оордугу, тамак-аш, отун, көмүргө баанын кымбаттап кетиши. Үчүнчүдөн кадр саясатына эл нааразы. Бүгүнкү күнү Акаевдин адамдары президентти курчап алып, Кыргызстандын тагдырын чечип жатканына каршы. Мындан сырткары толгон-токой маселелер элди толгонтуп, бүгүнкү бийликке каршылыкты жаратып жатыптыр.

-Мына ушундай шартта сиздердин декабрь айына белгилеген акцияңыздар күчүндө калып жатабы?

-Мына ошол себептен биз Кыргызстан мусулмандар бирикмесинин тең төрагасы Нурлан Мотуев жана башка инсандар менен Кыргызстанды кыдырып жүрөбүз, биз алдын-ала элди эскертип, ошол күнгө даярдап жатабыз. Мисалы, биз Ош, Кызыл-Кыя, Жалал-Абад шаарларынын акимине каттарды таштадык. Анда Конституциянын 25-беренесинин негизинде Ош шаарындагы стадиондо 20-декабрда, 21-декабрда Кызыл-Кыяда баткендиктер үчүн, жалалабаддыктар үчүн 22-декабрда ат майданда иш чара өткөрөрүбүздү эскерттик. Эми Жалал-Абадды кыдырып бүткөндөн кийин Нарын, Талас, Ысык-Көл, Бишкекти кыдырып, бардык жерлерде бийлик башчыларына кат жазып, анда Конституциянын негизинде өткөрө турган акцияларыбыз тууралуу маалымдайбыз. Элди чогултабыз, эл келет. Эл менен кошо бийликти чакырабыз. Бийлик менен элди бетме-бет жүздөштүрөбүз. Кудайга шүгүр, бардык жерде жакшы тосуп алууда. Мисалы, эң кызыгы Кадамжай районундагы Үч-Коргон айылында, тажиктер жашаган жерде болду. Ал жерде айыл өкмөт башчы жыйын өткөрүүгө жардам берээрин айтып, элди өзү ээрчитип барарын билдирди. Кечээ болсо Кара-Суу шаарында район кеңешинин депутаттары Үсенов Турат жана Сайпулла аке дегендер жардам берээрин, элди чогултуп Ош шаарына алып бараарын айтышты. Башкача айтканда, бул идеяны бардык жерде колдоп жатышат. Биз ушунча миң адам менен жолуксак да бир нааразылык болгон жок. Баары туура аракет катары баалашып, мындай жашаш мүмкүн эмес деп жатышат.

- Сиздер баштаган аракет Элдик революциялык кыймылга барып кошулабы? Сиздердин максат бийликти кетирүүбү? Урааныңыздар кандай?

- Бизде алты урааныбыз бар. Анын ичинде бүгүнкү бийликти жоопкерчиликке чакыруу. Ошондуктан биз бүгүнкү бийликке акыркы мүмкүнчүлүк берип жатабыз. Мына ушул акцияларга Бакиевди баш кылып баарын чакырабыз. Эл менен жолуксун. Себеби бүгүнкү күнү президент бир эле Жогорку Кеңешке отчет берип жатат. Биз билебиз президент “Ак жол” партиясынын лидери экенин. Жогорку Кеңеш, өкмөт болсо жалаң эле “Ак жолдон” турат. Ошондуктан президент бүгүнкү күнү элге эмес, бир эле партиясына отчет берип жатат. Бул КПСС убагындагына окшош. Анда Брежнев жана башкалар бир гана партиясына отчет берет эле. Биз болсо ушул акцияларды Кыргызстан боюнча уюштуруп, ар бир облуста, борбордо, эл менен бийликти чакырып, президент отчет берсин, бийлик отчет берсин, болбосо кетсин деген талап коюп жатабыз. Эл өз пикирин айтсын деп жатабыз.

- 29-ноябрда “Акыйкат үчүн” кыймылынын курултайы белгиленип жатат. Сиздер ага катышасыздарбы?

- Эгерде бизге чакыруу болсо биз катышабыз. Мисалы, революциялык кыймыл Бекназаров баш болуп бизди чакырды. Биз ага барып, аны колдоп бердик. Эгерде курултайга биз чакырылсак, биз ага катышабыз. Себеби биз бүгүнкү күнү элди көтөрүп, бийликке нааразылыкты уюштуруп жатканда, башка күчтөр да колдоп бериш керек деген үмүттөбүз. Менде биз аларды колдосок, алар дагы бизди колдойт деген үмүт бар.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG