Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:47

Быйылкы жыл Түштүк Кавказ аймагы үчүн татаал жыл болду. Армения менен Азербайжандагы талаштуу шайлоолор бирөөндө кан төгүү менен аяктаса, экинчисинде династиялык башкаруунун кылы да кайшайбаган бойдон калды. Ал эми Грузия август айындагы Орусия менен теңдешсиз согуштан али эс-учун жыя элек.

Oрус-грузин согушунда учурда Евробиримдиктин президенти болгон Франция ортомчу түшкөн эле. Франциянын дипломатиялык аракеттерине Грузияда кандай баа берип жатышат?

Гиоргий Годсадзе - Тбилиси Мамлекеттик университетинде социалдык жана саясий илимдер профессору. Анын айтымында, жалпысынан Грузияда коомчулук Евробиримдиктин, анын ичинде Франциянын президенти Николя Саркозинин ортомчулдугуна оң баа беришти.

Ошол эле убакта профессор тынчтык келишиминде орус аскерлерин 7-августта согуш башталганга чейинки турумдарына алып кетүү каралганы менен, Абхазия менен Түштүк Осетиянын өз алдынчалыгын тааныган Орусия "эми бул суверендүү өлкөлөр орус аскерлерин кандай кааласа жана кайда кааласа жайгаштыра алат" деп айтып жаткандыгын белгиледи. Ушуга байланыштуу Годсадзе Евробиримдикти орус президенти Медведев менен Саркози кол койгон келишимдин аткарылышына жетишүүгө чакырды.

Азербайжанда Евробиримдик кандай ролду ойноп жатат? Ушуга байланыштуу Бакы калаасындагы Тынчтык жана Демократия институнун директору Лейла Юнус грузин-орус жаңжалына кайрылды:

- Августта биз баарыбыз түндүктөн кол салуудан коргоно албай тургандай сезимде калдык. Орусия Грузияга кол салаарын болжолдош кыйын эмес болчу, ошого карабай эч кандай коргонуу системасы болгон эмес.

Лейла Юнустун пикиринде, ушул маселени эске алуу менен, Түштүк Кавказда жана башка аймактарда орус агрессиясынан коргонуу системасын түзүү үчүн Евросоюз болгон саясий күч-аракетин жумшашы керек. Ал ошондой эле демократия, адам укуктары, мыйзамдын үстөмдүгү жаатында европалыктар Азербайжандын бийлигине эч кандай талап койбой калгандыгын белгиледи. "Азербайжандын президенти Илхам Алиев ушул тапта караманча эле Москваны карап калды, энергетика кызыкчылыктары барынан өйдө болуп жаткандыгы бул регион үчүн кооптуу көрүнүш" деп кошумчалады азербайжандык серепчи.

Ал эми Арменияда Евросоюздун туруму кандай? Бул тууралуу суроого жооп берип жатып, Еревандагы Саясий жана мыйзамдуулук институтунун өкүлү Давид Шахназарян Евросоюз Кавказда "баарынан стабилдүүлүк маанилүү" деген түшүнүктүн негизинде саясат жүргүзөөрүн сынга алды.

"Стабилдүүлүк демократиядан алда-канча маанилүү. Евросоюздун мындай турумун ырастаган фактылар көп", - деп белгилеген окумуштуу Арменияда бүгүн 75 саясий айыпкер бар экендигин, бирок Брюсселдин аларды бошотуу талабын Ереван бийликтери кулагынын сыртынан кетиргенин эске салды.

"Жазындагы шайлоону бийликтер каалагандай бурмалашты, бирок Евросоюз жана айрым эл аралык уюмдар муну элес алышкан жок. 1-мартта Ереванда 10 кишинин өмүрү кыйылды. Европалык жамаат, биринчи кезекте Европа Биримдиги булардын баарын билмексенге салып койду" деп доомат койгон Шахназарян европалык бааалуулуктарды кавказ элдери "европалык структуралардын жардамысыз, өзүбүз орнотушубуз керек" деп түшүнүп калышканын өкүнүү менен белгиледи.
XS
SM
MD
LG