Орусиянын президенти Дмитрий Медведев Латын Америкасындагы сапарынын алкагында Кубага келди. Медведев Кубанын президенти Раул Кастро менен жолугушары күтүлүүдө. Азырынча Медведев Кубанын мурдагы лидери Фидел Кастро менен жолугуп-жолукпары белгисиз. Латын Америкасындагы сапары маалында Дмитрий Медведев Перу, Бразилия жана Венесуэлада болуп, бир нече макулдашууларга кол койду. Мындан сырткары Медведев Венесуэланын аскер-деңиз күчтөрү менен бирдикте окууларга катышуу үчүн келген орусиялык аскер кемелеринде болду.