Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:30

Райстын ортомчулук озуйпасы оңунан чыктыбы?


АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс Пакистандын тышкы иштер министри Шах Махмуд Куреши менен жолугушууда, Исламабад, 4 декабрь 2008
АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс Пакистандын тышкы иштер министри Шах Махмуд Куреши менен жолугушууда, Исламабад, 4 декабрь 2008

АКШ мамкатчысы Кондолиза Райс Пакистан лидерлерин Мумбайдагы теракттарга “олуттуу жооп” кайтарууга үндөдү. Индия менен Пакистан ортосундагы тирешүүнү басаңдатуу максатында барган Райс Исламабадда президент Зардари баштаган расмий адамдар менен жолугушту.

Райс Исламабаддагы сапары маалында билдиргендей, Пакистан жетекчилиги теракттарды иликтөөгө жардам көргөзүүгө дилгир. Кол салууларды иликтөөдө өз жардамын америкалык жана британиялык адистер да сунуш кылышкан.

Өткөн аптанын соңунда Индиянын Мумбай шаарында орун алган теракттардан 170тен ашуун адам каза тапты.

Пакистанга чейин Райс Делиге барган. Индиянын жетекчилиги маалымдаганына караганда, аларда кол салгандар Пакистанда жергиликтүү отставкадагы офицерлер тарабынан машыктырылган деген далилдер бар.

Пакистан өкмөтү эң башынан эле андай айыптоолорду четке каккан. Исламабад ошондой эле теракттарды ишке ашыргандардын айрымдары Пакистан жарандары болчу деген ырастоолорду танып келди. Апта башында Пакистан президенти Асиф Али Зардари Исламабад терроризм үчүн шектелген 20 адамды өткөрүп берүү жөнүндө Индиянын талабын аткарбайт деп билдирген. Бейшембиде болсо Зардари Райс менен сүйлөшүүлөрдөн кийин жасаган билдирүүсүндө өкмөт тергөө иштерине катышууга даяр, кол салууларга тиешеси бар “пакистандык адамдарга каршы катаң чара көрүлөт” деп эскертти.

Райс президенттен тышкары премьер-министр Юсуф Раза Гилани жана армиянын жогорку жетекчилери менен кездешти. Исламабаддан кетээрдин алдында мамкатчы буларга токтолду:

- Бул абдан коркунучтуу кол салуу болду. Субконтинентте мындай жакшы, деталдуу даярдалган теракт эч качан болгон эмес. Анын артында ким турганын жакшылап иликтеп, аткаруучуларды сот жообуна тартып, алынган маалыматты келекчекте ушундай кол салууларга бөгөт коюу үчүн пайдалануу керек.

Дели жылдардан бери Пакистандын аскерий жана чалгындоо кызматтарын Индиядагы теракттарды ишке ашыруу үчүн исламчыл согушкерлерди машыктырып жүрөт деп айыптоодо.

Үстүбүздөгү аптада баш калаа менен Мумбайда демонстрациялар болуп, эл Пакистандагы айрым буталарга сокку урууга үндөдү. Бирок Исламабад эгерде Дели эки өлкөнүн чегарасында аскерий активдүүлүгүн күчөтсө, Ооганстан менен чегарасындагы бөлүктөрүн Индия менен чегарага жайгаштыраарын эскертти.

Jane]s Defence Weeklyнин Делидеги кабарчысы Рахул Бединин ырастоосунда, террористтер Пакистан менен Индиянын ортосуна чок салуу менен дал ушуну көздөшүүдө:

- Кондолиза Райс тараптарды тынчытуу максаты менен келген. Индия кол салууларды өлкөнүн 11-сентябры деп атап, абдан ызаланып турган чак. Эки өлкөнүн тең ядролук куралы бар экенин унутпайлы. 2001-жылдын декабрында Индия парламентиндеги чабуулдан кийин Пакистан менен Индия чегарага аскерлерин тартып, ядролук курал колдонуу коркунучуна чейин жеткен. Ал кризисти чечүүгө АКШ, Британия, европалык өлкөлөрдүн жана Россиянын дипломатиялык аракеттери жардамдашкан. Менимче, эч ким андай окуялардын кайталанышын каалабайт.

.

XS
SM
MD
LG