Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:00

Турсунбай Бакир уулу: Бийлик бизге каршы чагым уюштурууда


"Эркин Кыргызстан" партиясы учурда жер-жерлерде жолугушууларды өткөрүүдө. Партия төрагасы Турсунбай Бакир уулу бул жолугушууларда бийлик тарабынан түрдүү тоскоолдуктарга кабылып жатышканын билдирүүдө.

- Турсунбай мырза, кечээ Ысык-Көл облусунда эл менен жолугушуу өткөргөн экенсиздер, жолугушуу кандай өттү?

- Ысык-Көл облусунун Тоң, Жети-Өгүз, Түп райондорунда, Каракол, Балыкчы шаарларында жолугушууларды өткөрүп келдик. Ысык-Көлдүктөрдүн маанайы бардык региондорго окшош. Ошол эле Чүй, Ош, Жалал-Абад, Талас, Баткен облусундагы, Бишкек шаарындагы элдердин маанайындай эле. Бийликтин каталарын сынга алышып, “бийлик элди карабай калды, мындай бийликти кетириш керек”, -деп жалпы кыргызстандыктар айтып жатышат.

- Укук коргоо органдары, жергиликтүү бийлик тарабынан бут тосуулар, коркутуп-үркүтүүлөр болгон жокпу?

- Эгерде Кыргызстандын Талас жана түштүк тарабында Нурлан Мотуев экөөбүзгө жергиликтүү кеңештердин депутаттарын, айыл өкмөттөрүн каршы койсо, Ош облусунда биздин авто унаабыздын документтерин алып коюшту. Ысык-Көлдө катуу чагымга даярданышыптыр. Түп районунда эл менен жолугушуп бүтсөк прокуратура, коопсуздук кызматы, милиция, аким баш болуп туруп, бардыгы биригип алып келишти. Бизди кое бербей, автоунаабызды камап, өзүбүздү 7 саат милиция менен прокуратурада кармап, акыры прокурор эскертүү берди. Жети-Өгүз районунда болсо биз базарда жолугушуу өткөрүп жатсак райодук ички иштер бөлүмү толугу менен келип алып тоскоол болду. Балыкчы шаарында болсо акимден тышкары прокурор, милиция, коопсуздук кызматы бардыгы келип биздин автоунааны камап, өзүбүздү түнгө чейин кармап турушту. Ошентип Ысык-Көлдө жергиликтүү бийликтер чагым салууга катуу даярданышыптыр.

- Түп районундагы май айындагы окуядай элди сиздерге каршы тукуруп, жумуртка менен урдурган жокпу?

- Жок. Эл бизди абдан жакшы кабыл алды. Мен тамашалап сурадым: “Эмне жумуртка жок калдыбы?,-деп. Алар айтат,”жумуртка кымбаттап кетти”,-деп. Бирок жергиликтүү бийликтин айрым өкүлдөрү айтышты, 17-декабрга мындан дагы катуу чагым даярдалып жатат, деп.

- Айрым талдоочулар, бийлик тараптагылар сизди дин ишениминдеги адамдарды, тактап айтканда “Хизб-ут Тахрир”, “Вахаббистер” жана башка динайатчылар менен жолугушууларды өткөрүп жүрөт деген пикирлерин айтышууда. Мунун канчалык чындыгы бар?

-Эгерде базарда соода-сатык кылып жаткандар, мечитте намаз окугандар, көчөдөн өтүп баратып жолугушууга келгендер, үйлөрүнөн чыккандардын бардыгы эле “Хизб-ут Тахрир” болсо, анда Кыргызстан “Хизб-ут Тахрирлердин” өлкөсү экен да. Анда биздин мамлекет “Хизб-ут Тахрирлер” эмес милиция, сот, покурорлордун өлкөсү болуш керек экен да.

- Турсунбай мырза, эртең, 16-декабрда азыркы саясий-экономикалык жана социалдык абал тууралуу нааразылык акцияларын баштайбыз дегендей болдуңуздар эле. Ушу тапта митинг өткөрүүнүн кажети барбы?

- Азыр эл даяр. Бирок чагымдар өтө эле күчтүү болчудай. Биздин маалыматыбыз боюнча Ак үй жана жергиликтүү бийликтер жумушу жок элдерге акча берип, бизге каршы чыгарабыз деп жатыптыр. Айрыкча Чүй облусунда, Бишкекте балким курал дагы беришибиз мүмкүн деген сөз болгону тууралуу маалымат түшүп жатат. Ошондуктан биз азыр кантип коопсуздук маселесин камсыз кылабыз деп ойлонуп жатабыз. Негедир расмий бийликти муфтият колдоп, молдолор колдоп, мечиттерде, жума намаздарда бизге каршы үгүттөп жатыптыр. Мен эскертип коет элем, ошол эле муфтият, молдолор 2005-жылы 22-23-мартта “падышага каршы чыккан чоң күнөө, Акаевге тийбегиле, Акаевге каршы чыкпагыла” деп үгүт жүргүзүп, 24-марттан кийин “тонду тескери” кийип алып жаңы бийликти колдоп, мактап жатышат. Ошондуктан мен элге айтып коет элем, бул адамдардан эмес, кудайдан коркуш керек. Биздин молдолор кыргыздын макалындай: “Чала молдо дин бузат”, же болбосо “Молдонун айтканын кыл, кылганын кылба”, - дегендей. Ошондуктан кыргызстандыктар молдолордун айтканын кылбашы керек. Булар тескери үгүт жүргүзүп жатышат. Адам кудайдан коркуш керек.

- Митингди 16-декабрда Нарын шаарынан баштайбыз дегендей болдуңуздар эле?..

- Митинг өткөрүү жөнүндө өтүнүчүбүзгө Нарын шаарынын мэриясынан бүгүнкү күнгө чейин жооп ала элекпиз. Таластын мэряисы болсо 18-мартта Таласта митинг өткөрөбүз деген өтүнүчүбүзгө уруксат бербей, сотко өткөрүп салышыптыр. Бишкектин мэриясы "Спартак" стадионун биз чечпейбиз, деп спорт агенттигине кайрылгыла дешти. Негизинен жергиликтүү бийлик уруксат бериши керек эле, тилекке каршы Бишкекте стадионду дагы бербей жатышат. Ош, Жалал-Абад, Кызыл-Кыя шаарларынын мэриясынан дагы жооп бербей жатышат.

- Демек анда митингдер болбойт турбайбы?

-Жергиликтүү бийлик мыйзамды, Конуституцияны бузуп, уруксат бербесе анда менде бир эле үмүт бар. Сиздерге деле маалым, сентябрь айында митинг, демонстранция, жолугушуулар жөнүндөгү мыйзамдын Конституцияга дал келбестиги боюнча Конституциялык сотко кайрылгам. Ушу күнгө чейин Конституциялык сот караган жок, жооп дагы жок. Ошол митинг, демонстранциялар жөнүндө мыйзамды жокко чыгарсак анда Конституцияга ылайык эч кимден урусат сурабай митингдерди өткөрө берет элек. Бүгүнкү күнү Нурлан Мотуев экөөбүзгө прокурор эки жолу эскертүү берди. Эми үчүнчү жолу кылмыш ишин ачабыз деп жатат. Ошондуктан биз мыйзамдын чегинде иш алып барууга аракет кылабыз.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG