Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:29

Бириккен оппозициянын чечимдери Жалал-Абатта элге жакты


Ошто Революциялык кыймылдын лидери А. Бекназаров эл менен жолугууда.
Ошто Революциялык кыймылдын лидери А. Бекназаров эл менен жолугууда.

Мамлекеттин саясий системасын кайра куруу жөнүндө бириккен оппозициянынчечимдери Ош жана Жалал-Абат шаарынын калкынын ичинде колдоого ээ болууда. Жергиликтүү активисттер үй-бүлөлүк башкарууну жоюу, мамлекеттик ашыкча кызматтарды кыскартууну сунуш кылышууда.

Өлкөдөгү социалдык-экономикалык абал оор. Жакында түзүлө турган коомдук палата - оппозицияны алсыздантуунун амалы. Бийлик уюмдары калктын пайдасына иштебей, коррупция күчөөдө. Жашоого керектүүлөрдүн баары кымбат, кабаттап үй курган мамлекеттик кызматкерлерди текшерген уюм, адам жок. Турмуш артка кеткен сайын артыкбаш комиссиялар түзүлөт. Мамлекеттик кызматтардын көптүгү да өлкөнүн өнүгүүсүнө тоскоолдук кылууда. ”Ар намыс” партиясынын облустагы координатору Зулпукар Кадыркулов соңку кырдаалга ушундай баасын берди:

- Мамлекеттик аппаратты, айыл өкмөттөрдү кыскартыш керек, райондорду жок кылыш керек, ошондо Кыргызстан өнүгөт, 30-40 пайыз бюджетке акча кайра түшөт.

Акыркы Конституция президентттик бийлик үчүн иштелип чыккан. Мындай Баш мыйзам 18-кылымга тиешелүү. Эл үчүн иштебеген мыйзамдар бийликтин пайдасы үчүн кызмат кылууда. Бириккен оппозициянын өнүгүү стратегиясын, бийлик кааласа ишке ашырууга жагдайлар жетиштүү. Ыңкылап маалында президентке опол тоодой ишенген жарандар эми ал оюнан айный баштады. Ишкерлерге бизнесин ээн-эркин жүргүзүүгө көйгөйлөр арбын. Мындай ой-пикирин Ош шаарынан келген жеке ишкер Айбек Султанкулов ортого койду:

- Президенттин саясий эрки болсо, муну аткарса болот. Азыркы жашап аткан система, бул Акаевдин түзүп кеткен үй-бүлөлүк система. Былтыр декабрда кабыл алынган Конституция – бул маңызы боюнча бир адамга чексиз укукту берип койду, бир адамдын бийлиги болуп калды. Кыргызстан азыр 18 кылымга барып калдык. Мурун Бакиевди колдогондор болгон. Азыр элдин көбү эле үй-бүлөлүк башкарууга каршы. Ашып кетсе 10-15 пайыз колдоп атышы мүмкүн, чиновниктер жана туугандары. Карапайым эл болсо системага каршы.

Жалал-Абат шаарынын жашоочусу Эргеш Исаков маянанын аздыгынан көптөгөн дарыгерлер да сыртка кетүүгө аргасыз болуп жаткандыгын билдирди. Бийликтин көпчүлүк үчүн камкордук көргөнү сезилбейт:

- Эл кыйналып атат азыр. Жашоо жагынан көмүр 6 миң, ким чыдайт буга. Мен дарыгермин, 4 миң сом айлык алам, жашоого жетпейт. Бир кап ун алам, алдарым акча. Айлык акыны кошуп атам деп жалган айтып атат, кошкон жок.

Анын оюн облустук бийликтин бөлүм башчысы Гүлзат Алимбаева жактаган жок. Алимбаеванын жообунда өлкөдөгү социалдык абал оппозиция баалаган деңгээлден жакшы. Инвестициялар жетиштүү тартылууда. Заман талабына жараша Орусияга барып иштегендердин жашоосу онолууда. ”Өкмөт оңдойт, бийлик- кам көрөт” деп күтүп олтургандан пайда жок деп, айтты бөлүм башчы Гүлзат Алимбаева:

- Эч нерсе иштебей эле өкмөттөн бер, мага эч нерсе кылбады деп отурганы өздөрүнөн. Мен ага кошулбайм. Социализмде баардыгына бирдей болуш керек, иштегенине да, иштебегенине да барына тең бөлүнүш керек деген пикир азыр башкача болуп калган. Иштеген тиштейт деп коет. Ошон үчүн иштеген адамдар жакыш эле бутуна турду. Инфрастуктурабыз оңолдү, кафелер курулуп атат. Бул жакшы эмеспи. Бийлик аракет көрүп атат, инвестицияларды тартып, ал боюнча деле бийлик жардам берип атпайбы.

Оппозициянын чечимдерин кубаттаган “Ата Мекен” партиясынын жооптуу катчысы Асылбек Текебаев бийлик өз кемчиликтерин жаап-жашыруунун аракеттерин көрүп жаткандыгын билдирди. Анын көз карашында эркин маалымат каражаттарынын УТРК аркылуу таратылбай калганы жогоруда козголгон пикирлерге далил боло алат:

- Эгерде ушул талаптар аткарылбаса, март айында ар кандай баш ийбөөчүлүктөрдү, саясий акцияларды бүгүнкү талкууда катышкан бардык партиялардын, бейформалдуу уюмдардын өкүлдөрү колдой тургандыгын айтышты.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG