Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:02

Кыргызстан дагы 24-марттагыдай окуяны көтөрө албайт


Мындай оюн депутат Алишер Мамасалиев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, оппозициянын азыркы радикалдуу көз караштагы иш аракеттери жакшы жыйынтык бербейт.Оппозициянын деле, бийликтин деле максаты Кыргызстандын жашоосун өзгөртүү. Бирок алардын бул максатты аткаруу жол-жоболору карама-каршы болуп жатат. “Эгер алар бир компромисске келип иш алпарса жакшы жыйынтык болот деп ишенем. Ал эми оппозиция радикалдуу кадамдардан баш тартпаса, мындай жол алардын өзүн эле алсыратып коет. Андан көрө алар алдыдагы президенттик, парламенттик шайлоолорго даярдык көрө баштаса болмок,”- дейт ал. (AzK)

XS
SM
MD
LG