Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:24

Ширин Эбадинин кесиптеши укук коргоочунун абалына тынчсызданат


Укук коргоочу Ширин Эбади
Укук коргоочу Ширин Эбади

Ушул дүйшөмбүдө Ирандын бийликтери "Ширин Эбадинин коопсуздугуна тынчсызданууга эч кандай негиз жок, биз аны башка иран жарандарын коргогондой эле коргойбуз" деген билдирүү жасады.

Жыл этегинде Нобелдин тынчтык сыйлыгын алган ирандык укук коргоочунун Тегерандагы кеңсеси жабылган эле. Азыр эми аны Газа кризисинде Иранга жан тартат деп ачууланган адамдар анын жашаган үйүн камалашты. Ширин Эбади менен 2006-жылы Нобелдик аялдар демилгесин түзгөн жана 1997-жылы Нобелдин тынчтык сыйлыгын алган Жоди Уиллиамс Азаттыкка ирандык кесиптешинин коопсуздугуна кабатыр болуп жаткандыгын билдирди.

“Азаттык”: Иран "Ширин Эбадинин абалына тынчсызданууга негиз жок, өкмөт аны коргойт" деп айтып жатат. Сиздин көңүлүңүз тындыбы?

Жоди Уиллиамс: Ошондой болсо гана, көңүлүм тынган жок. Эбадини бир канча убактан бери кысмыкка алып жатышат. Башында албетте маалымат каражаттарында башташкан, 21-декабрда укуктук борборун жабышты, 29-декабрда кеңсесине кирип келип, компьютерин, файлдарын конфискациялашты. Анан эми мына үйүнүн сыртында 150дөй киши чогулуп, ага кыйкырып, кеңсесине зыян келтиришти.

“Азаттык”: Иран өкмөтү "Эбадинин кеңсесинин жабылышы мыйзамдык маселе, ал эми анын үйүнүн сыртындагы нааразылык акциясы корко турган деле нерсе эмес" деп айтып жатат. Бирок сиз да, башкалар да Эбади Ирандагы адам укуктарынын бузулушу тууралуу маалымат таркатканы үчүн ыдык көрүп жатат деп айтып жатасыңар. Иран бийликтери эмне үчүн дал азыр Ширин Эбадиге кысымын күч алдыра баштады деп ойлойсуз?

Жоди Уиллиамс: Анткени тилекке каршы алар адам укуктары деген ичкен ашык жерге койбойт. Иран өкмөтүнүн укук коргоочулар менен мамилеси акыркы бир нече айда майдай сүттөй болгон жок. Ошондуктан алардын айтканына ишениш өтө кыйын. Доктор Эбадинин алар мурда камакка алышкан, азыр болуп аткан окуялар ал камакка алынаардагы иштерге окшоп жатат. Ошондуктан аны камакка алыш үчүн, атайылап ар кандай айыптарды коюп жатат деп шектенип жатканыбыз ошондон.

“Азаттык”: Эбадиге залал келбеши үчүн Иран бийликтери кандай чараларды көрүшү керек? Буга чейин Европа Биримдиги, Бириккен Улуттар уюму анын коопсуздугун кепилдөөгө чакырган эле. Эл аралык деңгээлде дагы кандай аракеттер зарыл деп ойлойсуз?

Жоди Уиллиамс: Мисалга, 150дөй киши анын кеңсеси жайгашкан үйүн курчап алганда, ал дароо полицияны чакырган. Полиция келип, кечке карап турушту, бирок элди таркатканга аракет кылган жок. Эгер алар чынында эле Доктор Эбадини коргойбуз дешсе, карап турмак эмес эле. Алар эл аралык коомчулукка бирди айтып, иш жүзүндө башканы кылбай, аны чындап коргошсо болмок.

Адам укуктарына ишенген ар бир кишиге мен укук коргоочуларды коргогула деп айтаар элем. Ширин Эбадиге окшогон адамдар дайым бычактын мизинде жүрүшөт. Иран өкмөтүнө кат жазып, анын укуктарын коргоону талап кылып кат жазгыла деп айтаар элем. Ар бирибиз бул дүйнөнү аз да болсо жакшыртууга салым кошо алабыз.

“Азаттык”: Ширин Эбадиге кысымдын күч алышы Иранда адам укуктарынын абалына кандай таасир тийгизет деп ойлойсуз?

Жоди Уиллиамс: Эгер Иран бийликтери өлкөдөгү эң белгилүү укук коргоочуга ыдык көрсөтсө, анда алардын башкаларга кандай мамиледе болоорун айтыш кыйын.

“Азаттык”: Ал эми Эбади жана башка ирандык укук коргоочулар бул кырдаалга кандай мамиледе болуп жатышат?

Жоди Уиллиамс: Азыркыдай кыйчалыш абалда калышпаса деп тилейт элем, бирок азыр башка жол жок. Ошондуктан мен аларга жогору баа берем. Катуу кысымга, "өзүңдү да, кызыңды да өлтүрөбүз" деген коркутууларга карабастан, доктор Эбади ишин улантып жатат. Анын бардык кесиптештери укук коргоочуларды, саясий айыпкерлерди, коргоосу жок адамдарды коргоо ишин улантышууда. Коркутууларга карабастан, алар ишин токтотпойт, анткени алар өз ишинин маанисин түшүнүшөт, адам укуктары бардыгына бирдей деп ишенишет, кыйналган адамдардын укуктарын коргоого укугубуз бар деп эсептешет. Менимче алар абдан эр жүрөк адамдар.

XS
SM
MD
LG