Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:19

Еврошаркет газ маселесин чечүү аракетин улантууда


Россиянын өкмөт башчысы Владимир Путин жана Чехиянын премьер-министри Мирек Тополанек, Ново-Огарево
Россиянын өкмөт башчысы Владимир Путин жана Чехиянын премьер-министри Мирек Тополанек, Ново-Огарево

Еврошаркеттин газ маселесин жөнгө салуу боюнча тобу орус өкмөт башчысы Владимир Путин менен жолугушту. Топтун жетекчиси, биримдиктин учурдагы төрагасы Чехиянын премьер-министри Мирек Тополанек жума күнү Украин бийлиги менен кездешти.

Мирек Топаланек Украина аркылуу өткөн газ транзитин көзөмөлдөө үчүн байкоочулар боюнча ооз эки келишимге жетишилгенин кабарлады. Путин бир да келишим кол коюлмайынча күчүнө кирбейт деп эскертти.

Украинанын тышкы иштер министр орун басары Константин Елисеев байкоочуларды жайгаштыруу планы өлкөнүн газ бөлүштүрүү системасын Россиянын көзөмөлүнө өткөрүүнү көздөйт деп билдирди. Киев менен Москва ортосундагы газ талашынан улам бир катар европалык өлкөлөр газсыз калышты. Россия Украина Европага багытталган газды уурдап жатат деп, аны берүүнү токтотуп койгон. Бирок Киев айыптоону четке кагууда.

Еврошаркеттин байкоочулары Украина аркылуу ташылган орус газынын толугу менен Европага жеткирилишин көзөмөлдөө үчүн Киевде даяр турушат. Бирок мониторинг жүргүзө турган топтун ыйгармыдары кандай экени бүдөмүк. Орус өкмөт башчысы Владимир Путин байкоочулардын “Киевдеги мейманканада арак ичип отурганын каалабай турганын” мындайча айткан:

Б- из Еврошаркеттин байкоочуларын өз аймагыбызда кабыл алууга даярбыз. Албетте алар Украинага да, Европага газ ташыган бардык ири куурлар бар жерлерге барышы керек.

Россиянын мамлекеттик Газпром ишканасы байкоочулар Украинанын батыш аймактарындагы газ сактагычтарын текшерип, компрессордук станцияларда газдын басымына көзөмөл салышы керек деп ырастоодо.

Украинанын Нафтогаз ишканасынын төрага орун басары Володимир Триколич жума күнкү пресс-конференцияда билдиргендей, Газпром Нафтогаздын Россияда жайгашкан кызматкерлерине газ куурларынын иши тууралуу отчет берүү үчүн тоскоолдук түзгөн.

Россиянын Энергетика министринин мурдагы орун басары, азыр оппозициядагы “Солидарность” кыймылын жетектеген Владимир Милов Газпром газды токтотуу үчүн атайын аракет көргөн деген ойдо. “Азаттыктын” орус кызматына берген интервьюсунда ал буларды белгилейт:

- Европалыктар Украина менен Россия ортосундагы талаштын жөнгө салынышын, газ кризисинин кайталанбашын каалашат. Алар газ жаңжалдарын алдын алуунун мезанизмин табууну көздөшөт. Бирок газдын ачкычы Москванын колунда. Европа да, Украина да орус газынан көз каранды. Мурда Россия ишеничтүү шерик катары каралып, эч ким өзгөчө тынчсызданчу эмес. Эми болсо орус газынан болгон көз карандуулук олуттуу проблемаларга алып келээри айкын болуп калды. Маселен, Россия батышчыл кошунасын жазалагысы келген учурда.

Бул аралыкта орус газынан дээрлик 100 процентке көз каранды Болгария жана Балкандагы бир катар өлкөлөр энергиянын башка булактарын издөөгө, газды үнөмдөөгө мажбур болуп жатышат. Анын үстүнө быйылкы кыш кычагансып Европада өтө суук болуп жаткан кез. Буга катар газ кайрадан бериле баштаганда, анын кардарларга жеткирүү үчүн кеминде дагы 30-36 саат талап кылынат.

XS
SM
MD
LG