Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:37

Евробиримдик: Россиянын газды кайра бере башташына тоскоолдук жок


Россиянын мамлекеттик Газпром ишканасы ырастагандай, Украина өз аймагы аркылуу газ ташууну жандандырууга жол ачкан келишимге эч кандай шарт койбостон кайрадан кол койду. Газ транзитине байкоо салуу жөнүндөгү макулдашууга Еврошаркеттин арачылыгы менен жетишилген. Орус газы дээрлик 1 жумадан бери европалык кардарларга жеткирилбей калган.

Орус өкмөтүнүн делегациясы газ маселесин талкулоо үчүн Брюсселге жөнөп кетти. Бүгүн ал жерде Еврошаркеттин өкүлдөрү газ кризиси боюнча чукул жыйын өткөрүшмкөчү.

Евробиримдиктин учурдагы төрагасы болгон Чехиянын өнөр жай министри Мартин Риман Брюсселдеги журналисттерге маалымдагандай, Украина келишимдин шарттарына макул болду:

- Мен бүгүн эртең менен алган маалыматка ылайык, Украина келишимге шартсыз кайрадан кол койду. Эми орустардын шарттары орундалгандан кийин Россиянын газды Европага кечиктирилгис бере баштоосуна тоскоолдук жок.

Москва менен Киев жыл башынан бери газдын баасы боюнча мунасага келе албай жатышат. Россиянын мамлекеттик Газпром ишканасы Украинага сатылган газдын баасын быйылдан тартып 450 долларга чейин көтөргөн. Киев орустар койгон баа адилетсиз деп эсептеп, 1 миң куб метр газды 201 долларга сатып алууга макул болгон. Былтыр Россия Украина 179,50 долларга сатчу.

Кийин Москва Украина Европага жөнөтүлгөн транзит газды уурдап жатат деп, газ берүүнү токтотуп салган. Киев болсо бул айыпты четке кагууда. Бирок ортодо европалык бир катар өлкөлөр жабыркап, кыш ортосунда газсыз калышты.

Дем алыш күндөрү тараптар мунасага жетишкендей көрүнгөн эле. Атап айтканда Россия, Украина жана Еврошаркет газ транзитине көз салуу үчүн эки өлкөнүн чегарасындагы куурларга байкоочуларды жиберүү тууралуу макулдашышкан. Бирок кийин Россия Украина документке алымча-кошумчаларды киргизди деген айып менен, ал мыйзамсыз күчкө ээ эмес деп билдирген.

Орус тарап макулдашууга кол коюлуп, байкоочулар жер жерлерге жайгаштырылаары менен газ Европага кайрадан агылат деп ишендирген. Бирок крандар ачылгандан кийин газдын кадраларга жетиши үчүн дагы кеминде 36 саат талап кылынат.

Газ кризисинен өзгөчө Европанын чыгыш жана борбордук бөлүктөрүндөгү мамлекеттер жапа чегишүүдө. Словакия былтыр 31-декабрда жабылган атомдук реактордун ишин кайра жандандырууну караштырса, Болгария мектептерди жабууга аргасыз болгон. Өлкөнүн өкмөт башчысы бир нече күн мурун белгилегендей, европалыктар Газпром менен Украина ортосундагы талаштын барымтасында калышты.

XS
SM
MD
LG