Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:48

АКШ «Манас» аба базасын пайдалана берет


Генерал Дэвид Петреус
Генерал Дэвид Петреус

Барак Обаманын администрациясы Ооганстандагы аскерий операцияны дагы күчдөндүрүү ниети бар экенин жашырбайт. Бул тушта Кыргызстан АКШнын “Манас” авиабазасын жабат деген маалымат пайда болду. Бирок АКШнын аскер жетекчилеринин бири, генерал Дэвид Петреус Бишкекте кыргыз жетекчилиги менен кездешкенден кийин билдиргенге караганда, америкалыктар Манас аэропортун мурдакыдай эле пайдалана берет.

Кыргызстан Манас аэропортун америкалыктарга пайдаланууга берүүнү токтотот экен. Бул президент Бакиевге Москвадан 2 миллиард долларлык инвестицияны алуу үчүн жасалууда деген кабар өткөн аптада россиялык гезиттерде чыкты. Бул кабарды Лондондогу Жейн маалымат борборунун (Jane’s Information group) талдоочусу Матью Клементс чайкоочулук деп санайт:

- Учурда айтылып жаткан сөздөрдүн баары чайкоочулук. Бирок маселенин айрым жактары олуттуу өзгөрүүгө муктаж. Мисалы, Кыргызстандын Россияга эзелтен калган 180 миллион карызы бар экени чындык. Өлкөдө электр энергиясы тартыш, экономика оор абалда. Кыргызстанга жакын союздаш жана демөөрчү болуп келген Россия өлкөгө чоң өлчөмдөгү жардамды сунуш кыла алат.

Манас аэропортунун четиндеги «Ганси» авиабазасын жабуу - Ооганстанга дагы 14 миң аскер жөнөтүүнү мерчемдеп жаткан Барак Обаманын өкмөтү үчүн кошумча түйшүк болору шексиз. Бирок АКШнын борбордук командачылыгынын башчысы, генерал Дэвид Петреус 17-январда Дүйшөмбүдө болгон кезде АКШ келечекте да Манас базасын пайдаланууга кызыкдар экенин, «Гансини» жабуу жагын эки жак талкуулабаганын билдирди:

- Биз мындай маселени талкуулай элекпиз. Ал эми гезитке чыккан кабарды кыргыз өкмөтү таркатпаганын мен жолуккан өкмөттүк адамдар айтышты.

Петреустун билдиришинче, ал 19-январда Бишкекте болгон кезде Кыргызстанга түрдүү жардам берүү жагын кыргыз жетекчилиги менен талкуулады.

- Биз Кошмо Штаттар түз жана кыйыр түрдө көрсөтүп жаткан жардам жөнүндө сүйлөштүк. Түрдүү программалар аркылуу жылына 150 миллион доллардай жардам берилсе, анын 63 миллион доллары Манаска тийешелүү.

Петреус февралда Бишкекке береги программаларды талкулоо үчүн мартабалуу топ келерин да кошумчалады.

АКШ өкмөтү Ооганстандагы согуштун ийгилиги бүтүндөй регион үчүн пайдалуу деп эсептейт. Муну генерал Петреус Дүйшөмбү шаарында болгон кезде баса белгиледи:

- Ооганстандагы аракетибиздин ийгилиги региондогу бардык өлкөлөрдүн жана дүйнөнүн кызыкчылына ылайыктуу. Маң аткезчилигине, экстремизмге каршы күрөшүү, экстремисттердин Ооганстанды кайрадан дүйнөгө кол салуучу баш паанек катары колдонуусуна жол бербөөгө бардык өлкөлөр кызыкдар.

XS
SM
MD
LG