Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:13

Вашингтон: Кубанган эл, күчөтүлгөн коопсуздук


Cаналуу сааттардан кийин Вашингтондо бийлик АКШнын 44-президенти Барак Обаманын колуна расмий түрдө өтөт. Барак Обама президенттик кызматына киришип жатып Американын калкынын алдында салтанаттуу ант берет. Президенттин ант берүү аземинин алдындагы кырдаалга күбө болуп жаткан бул жактагы кабарчыбыз Гүлайым Ашакеева өзүнүн ой-таасирлеринен бөлүшөт.

- Азыр саат эртең мененки 7:20. Мен Жорж Вашингтондун эстелигинин жанында турам. Бүгүнкү ант берүү аземине кирчү бир эшик ушул жерде. Расмий түрдө ант берүү аземи үч жарым сааттан кийин, башкача айтканда жергиликтүү убакыт боюнча саат он бирде башталат. Бирок элдин агымы көп, жүздөгөн элдер эртелеп эле ушул жерге келгени көрүнүп турат. Дагы бир айта турган нерсе, чыкыроон суукка карабай келип жаткандардын маанайлары абдан көтөрүңкү. Айрымдары музыка ойноп, айрымдары ырдап, айрымдары колундагы бир нерселерин сатып, ар түрдүү эл азыр сүйүнүү, кубануу менен ант берүү аземине чогулушууда.

- Ант берүү аземи башталганга чейин программа кандай?

- Ант берүү аземи үч жарым сааттан кийин башталат. Ага чейин бул жерде коопсуздук маселеси абдан катуу каралган. Анын үстүнө бул жерге 2 миллиондон 4 миллионго чейин адам келиши күтүлүүдө. Ошондуктан ант берүү аземине келгендердин колдорундагы уруксат кагазды текшерүү эле 3 саатка чамалап барат деп, ошондуктан азыр эшиктер ачылып текшерүүчү жерлерден колунда кагазы барлар кирип атат. Ал эми көрүүнү каалап келгендер болсо өздөрү ыңгайлаштырып ар кайсы жерди караштырып туруп атышат. Ошондой эле баса белгилеп айткым келет, коопсуздук маселеси абдан күчтүү болууда. Көчөлөрдүн кесилген жерлеринде аскер адамдары, полиция кызматкерлеринин машиналары, ошондой эле абадан дагы аскер учактары ушул жерди айланып учуп турганы сезилип турат.

- Рахмат.

XS
SM
MD
LG