Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:58

Коомдук парламент БЭК менен кызматташууну чыңдайт


Мындай чечим Коомдук парламенттин кечээки жабык жыйынында кабыл алынганын “Азаттыкка” бүгүн аталган уюмдан билдиришти. Анда коомдук парламенттин ишин мындан ары улантуу, Бириккен элдик кыймыл менен кызматташууну чыңдоо маселелери, өлкөдөгү соңку саясий кырдаалга байланышкан маселелер каралган. Ошондой эле эмки айда өлкөдөгү саясий-экономикалык абалга байланыштуу Коомдук парламенттин кезектеги жыйынын өткөрүү белгиленди.

Коомдук парламент былтыр жыл башында түзүлүп, анын курамына бир катар саясий партиялардын, коомдук уюмдардын өкүлдөрү жана саясий ишмерлер кирген.(SM)

XS
SM
MD
LG