Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:06

Евробиримдик-АКШ алакасы жана тышкы саясат маселелери


Барак Обама менен жаңыча мамиле түзүүгө умтулган Евробиримдиктин Кошмо Штаттары менен бир топ талаштуу маселелери бар. Америкалык жаңы президент приориттеттүү деп санаган Ооганстан, Жакынкы Чыгыш, Иран маселелеринде европалык мамлекеттерде ички кысым, дипломатиялык алсыздык же коммерциялык эсеп-кысапка байланышкан кыйынчылыктар бар.

Кубадагы АКШнын Гуантанамо түрмөсүндө кала берип жаткан 245 туткундун тагдыры боюнча да Брюссел менен Вашингтондун ортосунда пикирлер келишпөөчүлүктөр аз эмес. Бул маселе ушул дүйшөмбүдө Биримдиктин тышкы иштер министрлеринин Брюсселдеги жыйынында сөзгө алынды.

АКШнын бетине чиркөө болгон Гуантанамо аскер түрмөсүнүн жабылсын деген Обаманын чечимин европалыктар кош колдоп кубатташты, бирок анда кала берип жаткан туткундарды өткөрүп алуу идеясын Европа союзунун бир катар өлкөлөрү салкын кабыл алышууда.

Эл аралык "Мунапыс" уюмунун Ирландиядагы бөлүмү Гуантанамодо жети жылдан бери отурган өзбек жараны Айбек Жаббаровду, жана ага окшоп, күнөөсүз деп аныкталган, бирок кыйноо коркунучунан улам мекенине кайта албаган 50 чакты туткунду өткөрүп алууга чакырган. Ушуга байланыштуу Ирландиянын акыйкаттык министри Дермот Ахерн 21-январда жергиликтүү гезитке Ирландия мындай сунушка макул экендигин бышыктады.

Франция менен Британия да Гуантанамонун "тургундарын" кабыл алууга көңүлдүү, бирок эки өлкө бул жаатта Европа биримдиги бирдиктүү саясат иштеп чыгыш керек, мүчө мамлекеттер ар кимиси ошого жараша чечим кабыл алсын деп жатышат.

Бул маселе дүйшөмбүдөгү Брюссел жыйынынын күн тартибине Португалия, Испаниянын талабы менен киргизилген. Эки өлкө тең Евросоюз Кошмо Штаттарында соттоо мүмкүн болбогон, бирок өз мекенине кайта албагандарды кабыл алышы керек деп эсептешет.

Бирок маселе мыйзамдардын карама-каршылыгынын торуна чалдыкты. Евросоюзда качкын макамын берүү саясатын бир нукка салуу аракети бар, бирок азырынча бул жаатта ар бир мүчө-мамлекет өз алдынча иш алып барат.

Ушундан улам, мисалы Германияда өкмөт бирдиктүү турумга келе албай жатат. Ички иштер министри Волфгаң Шойбле түпкүлүгү немис болгондорду гана алалы, башкаларынын кереги жок деп айтууда. Ал эми тышкы иштер министри Франк-Валтер Штайнмаер Гунатанамодон террористтер деп шектелгендерди Германияда калтырууга каршы эмес.

Брюсселдеги жыйында Евросоюздун тышкы байланыштарын тейлеген Хавиер Солана: "Бул Американын көйгөйү, аны өздөрү чечиши керек, бирок зарыл болсо биз жардам беребиз" деп айтты.

Европа комиссиясынын вице-президенти Жак Барро биримдиктеги акыйкаттык, эркиндик, коопсуздук маселелерин тейлейт. Ал да 23-январда Франциянын Ля Круа гезитине Евросоюз Кошмо Штаттары суранса, Гунтанамодо камактагыларды өз аймагына алууга даяр экендигин айткан. Бирок Барро мындай кадамга белгилүү шарттар коюлаарын эскерткен.

Мисалы, Вашингтон туткундардын акыйкат соттосоттолгондугун, жана алардан коопсуздукка кандай коркунуч болушу мүмкүн экендигин көрсөтүшү керек. "Канчалык меймандос болсок да, мындай чектөөлөрсүз аракеттене албайбыз" деп айтты Барро. Ал ошондой эле Кошмо Штаттарына жардам сунуш этүүдөн мурда Евросоюз Вашингтондон шектүү террористтерди жашыруун учактар менен жашыруун өлкөлөргө алып кеткендиги тууралуу да маалымат сурашы мүмкүн деди.

Кандай болгон күндө да, Вашингтонго март айында бaрганда Барро бул маселени америкалык өкүлдөр менен кеңири талкуулаганы жатат.

XS
SM
MD
LG