Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:11

Иран эми космостук мамлекеттердин катарында


Иран жасалма жандоочуну "Сафир" ракетасы менен учурду. 3-феврал, 2009-жыл.
Иран жасалма жандоочуну "Сафир" ракетасы менен учурду. 3-феврал, 2009-жыл.

Иран шейшемби күнү жердин орбитасына биринчи жасалма жандоочуну учурду. «Үмүт» деп аталган сателлитти космоско Ирандын өзүндө жасалган ракета алып чыкты.

Ирандын алгачкы жасалма жандоочусу (спутник же сателлит) космостук мейкиндикте үч айга чейин болоору айтылууда.

Ирандын өкмөттүк маалымат каражаттары ата мекендик жасалма жандоочуну орбитага учурууну ирандык илимпоздордун эл аралык чектөөлөрдүн (санкциялардын) шартында жетишкен ийгилиги деп аташты.

Бул чектөөлөрдү Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши киргизген.

АКШ жана башка Батыш өлкөлөрү Иранды уранды байытып, өзөктүк (ядролук) бомбага ээ болууга умтулууда деп шектенишет.

Ошон үчүн Ирандын ракета технологиясындагы ийгилиги Батыштын кооптонуусун ого бетер күчөтөт сыяктуу.

Себеби, Иран президенти Махмуд Ахмединежад бир ирет Израил мамлекетин дүйнөнүн саясый картасынан жок кылууга дилгир экенин айткан. Космоско ирандык спутниктин учурулуусу өлкөдө Израилге жетчү ракеталары бар деген буга чейинки кооптонуулар тегин эмес экенин да күбөлөйт.

Ырасмий Тегеран Израилге азуусун кайраганын жашырбаганы менен, Батыш өлкөлөрүнүн чочулоолору негизсиз экенин, улуттук ядролук программа өзөктүк энергияны тынчтык максатында өндүрүүнү гана көздөйт деп айтып келет.

Ирандын тышкы иштер министри Манучер Моттаки да орбитага шейшемби күнгө учурулган жасалма жандоочу тынчтык максатын гана көздөп жасалганын билдирди.

Президент Ахмединежад мамлекеттик сыналгы каналдан сүйлөп, космостук аппаратты учуруу ислам ынкылабынын 30 жылдык мааракесине арналганын айтты:

- Улуу иран элинин жана бүтүндөй адамзаттын - Ислам ынкылабынын 30 жылдыгына «Үмүт» улуттук жандоочубузду «Сафир-2» ракетасынын жардамы менен орбитага учурууну буйрудум.

Маалыматтарга караганда, Жердин «Үмүт» жасалма жандоочусу космостук мейкиндикте үч айга чейин болот жана топтолгон маалыматтар менен тажрыйбалар Иранга болочокто орбитага жаңы жандоочуну учурууга чоң өбөлгө болот.

XS
SM
MD
LG