Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:19

Глобалдык кризис: "жаман банктар" кризисти токтото алабы?


Батышта маалымат каражаттары аркылуу эксперттер өкмөттөрдү "Жаман банктарды" түзүүгө чакырышууда. Глобалдык кризис менен күрөштөгү дагы бир сунуштун чоо-жайы "Азаттыктын" бул темага арналган түрмөгүнүн экинчи санында сөз болот.

Кошмо Штаттарында банктарды "уулуу" насыялар ойрон кылууда. Уулуу дегенибиз, кайтарылышы күмөн болгон насыяларды банктар экинчи банкка сатып, экинчи банк аны камсыздап, үчүнчүсүнө сатып турган. Бирок насыя алган жарандар карызын төлөй албаганда, бул схемада кыйроо реакциясы башталды. Банктардын колунда накта акча азайып, ал эми банктардын акциясын ала турган жеке инвесторлордун банктарга ишеними жоголуп, алардан да акча түшпөй калды.

АКШнын экономикасына ишенген башка мамлекеттерде да банктар анын турак-жай тармагынан карыздарды жана баалуу кагаздарды күргүштөтүп сатып алышкан. Ошондуктан, бул кризис глобалдык мүнөзгө ээ болууда.

Жеке инвесторлор качканда, өкмөттөр банктарга карыз берип, аларды сактап калуунун далалатын көрүштү. Бирок мындай чара сөзсүз эле банктарга болгон ишенимди бекемдей алган. Анын үстүнө, валюта кору тайыздап калган банктар да "сүткө күйгөн айранды үйлөп ичет" болуп, ишенимдүү ишкерлерге да акча берүүдөн коркуп калышты. Натыйжада ишкерлер акчасыз иш жүргүзө албай, өндүрүш жайлап, жумушчуларды иштен бошотууга мажбур болушууда. Глобалдык экономикалык өсүштүн жайгашы мына ушундан улам келип чыкты.

Мына ушул уулуу насыяларды өкмөттөр арзан баада сатып алып, бир банкка чогултса, айрым адистердин ишениминде, банктар калган карыздарын, аласа-бересесин тактап алмак, иштиктүү банктар ошондо иргелип, начарларын өкмөт өз карамагына алмак. Банк системасына ишеним бекемделип, алар бири-бирине жана элге карыз бере баштамак, ал эми банктардын акцияларын жеке инвесторлор сатып ала баштамак.

"Жаман банктар" тууралуу бул сунуштун маани-маңызын "Азаттыкка" бул идеянын колдоочуларынын бири түшүндүрүп берди. Петер Диксон Лондондогу Комерцбанктын финансылык стратеги:

- Банктар өздөрүнүн балансында канча жана кандай акча-мүлк бар экендигин тактай албай эстери ооп жатышат. Алар насыялардын кайсылары таза, кайсылары уулуу экендигин айырмалай алышпайт. Эгер "Жаман банктар" уулуу карыздарды алардын балансынан алып салса, банктар эсеп-чотун тактап, кайрадан карыз бере башташмак.

Ал эми салык төлөөчүлөрдүн акчасы менен "уулуу насыяларды" алган өкмөт кийин турак-жайдын баасы кайра өсө баштаганда, аларды сатып, салык төлөөчүлөрдүн акчасынын бир бөлүгүн кайра кайтарып алышы мүмкүн.

Мындай банк түзүү мүмкүнчүлүгүн учурда Кошмо Штаттары, Германия, Италия жана Британия караштырып жатат. Бул өлкөлөрдүн баарында банктардын колундагы пайдасынан зыяны көп менчик-мүлкү ойго келгис чекке жеткен.

Алардын көлөмүн аныкташтын өзү эле төө көтөргүс иш болгудай.

Глобалдык инвестициялык Голдман Сакс банкынын болжолунда, бүгүн АКШнын банктарында 4 триллион доллардык уулуу насыялар бар. Бул АКШнын ички дүң өндүрүшүнүн үчтөн бирине барабар. Лондондогу Көз карандысыз стратегия деп аталган финансылык кеңеш берүүчү фирма бул көрсөткүч 800 миллиард гана деп айтууда.

"Жаман банк" жаңы идея деле эмес. 1990-жылдардын башында Швециядагы банк кризисинде өкмөт ушул схеманы колдонгон. Швециянын өкмөтү банктарды мамлекеттештирип, аларды "жакшы жана жаман" банктар деп бөлүштүргөн. Натыйжада банк системасы мурдагысынан да күчтүү болуп, оңолгон.

Диксондун айтымында, бүгүн көп өкмөттөр ушул өңдөнгөн радикалдык чараларга даяр болуп калды:

- Глобалдык финансылык жамаатта кырдаал акыркы бир нече айда кескин начарлады. Ошондуктан, менимче азыр өкмөттөр былтыр жыл этегинде даабаган чараларга барышы мүмкүн деп ойлойм.

XS
SM
MD
LG