Шри-Ланканын өкмөтү билдиргенине караганда, жанкечти аял өзүн качкындардын лагеринде жардырып жиберген. Бул аймакты өлкөнүн Коргоо министрлиги тамил сепаратисттеринен жакында эле тазаланган деп айткан эле. “Тамил жолборстору” деп аталган козголоңчулар тобу акыркы 25 жылдан бери Шри-Ланкада бийликтерге каршы күрөшүп келет.