Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:01

Каржы кризиси Евробоордоштукка ойрон салабы?


Чехиянын өкмөт башчысы Мирек Тополанек жана Еврокомиссиянын президенти Хосе Мануэл Бароссо
Чехиянын өкмөт башчысы Мирек Тополанек жана Еврокомиссиянын президенти Хосе Мануэл Бароссо

Өткөн аптада Франция өз экономикасын коргоп калыш үчүн франциялык машина жасоочу ишкананын Чехиядагы бөлүмүн көчүрүп кетиш керек деп чыкты. Буга чейинки кыйынчылыктарга карабастан, Евросоюзда бир да өлкө мындай көз көрүнөө протекционисттик жарыя жасай элек болчу. Биримдикти бир топ дүрбөткөн бул жарыядан кийин учурда анын президенти болгон Чех жумурияты маселени эң жогорку деңгээлде талкуулоону талап кылууда.

Каржылык кризистен айрыкча катуу жапа чеккен Британияда Франциянын "Тотал" ишканасы мунай тазалайт. Тоталдын жетекчилиги Италиядан жана Португалиядан жумушчуларды алып келип жаткандыгына нааразы болгон бул ишкананын британ жумушчулары жакында иш ташташты. "Британиядагы жумуш орундары британ жумушчуларына берилсин!" деген ураанды бүгүн бул өлкөдө көп угасыз. Бирок өлкөнүн жетекчилик чөйрөсүндө мындай чакырык расмий колдоого ээ болгон жок.

Евробиримдиктин башка өлкөлөрүндө да жергиликтүү экономиканы чет элдик атаандаштыктан коргоо талаптары күч алууда. Дал ушул тапта Франциянын президенти Николя Саркози француздардын атактуу "Рено" машинасын жасаган Чехиядагы ишкананы чыгарып кетүүнү сунуш этти:

Эгер Рено фирмасы Индияда ишкана куруп, машиналарын Индияда сатса бир жөн. Бирок мындай машина Чехияда жасалып, бирок анан Францияда сатылганы туура эмес.

Учурда Евробиримдиктин президенти болгон Чехиянын өкмөт башчысы Тополанек Франциянын мындай турумун сынга алып, протекционизм маселесин биримдиктин чукул самитинде талкуулоону сунуш этти.

Мунун алдыдан Саркози франциялык машина жасоочуларга 6 жарым миллиард евро карыз бөлүү планын жарыялаган. Бул планды учурда Европа комиссиясы биримдиктин атаандаштык эрежелерине кайчы келээр-келбешин изилдеп жатат.

Саркозинин жарыясы Словакияны да нааразылантты. Бул өлкөнүн өкмөт башчысы Робeрт Фико "Эгер баарыбыз Франциянын жасаганын жасасак, анда Франциядан анын Газ дө Франс компаниясын Словакиядан чыгарып кетүүнү сураналык" деди.

Биримдиктин аткаруучу бийлиги болгон Еврокомиссиянын президенти Хосе Мануэл Бароссо да четте калган жок:

Биз бирдиктүү европалык базардын эрежелерин жана жоболорун сакташыбыз өтө маанилүү. Азыркыдай кыйын кезеңде Европанын өзүндө да, башка жактарда да атаандаштык, товар алмашуу эркиндигинин эрежелерин сактап, протекционизмге жол бербөө зарыл.

Кечээ эле Евробиримдиктин президенти болгон Франциянын соңку жарыясы чынында да таң калыштуу. Себеби Евробиримдиктин пайдубалын мүчө мамлекетттердин экономикалык кызматташттыгы түзөт. Экинчи Дүйнөлүк согуштан кийин дал Франция менен Германия бир-бирибизге көз каранды болсок, мындай согуш чыкпайт эле деген ишенимге таянып, тынчтык жана бакыбат турмуш үчүн өз суверендүүлүгүнүн бир бөлүгүнөн баш тартууга биринчилерден болуп бел байлашкан.

Евробиримдиктин түпнегиз эрежелери төрт эркиндикке – капиталдын, товарлардын, кызматтардын жана адамдардын эркин орун которушуна негизделген. Ал эми бул эрежелердин бузулбай сакталышына Еврокомиссия көзөмөл салат.

XS
SM
MD
LG