Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:43

Мындан туура 20 жыл мурда ушул күнү акыркы советтик жоокер Ооганстандан чыгып кеткен. Он жылдык майнапсыз согуш Советтер Биримдиги үчүн да алаамат болду.

Аймактан СССР чыгып кеткени менен, бул жерде өз бийлигин орнотуп, эл аралык террорчуларга ооруктук пайдубал болгон талиптердин режимине каршы күрөшкө кийинчерээк башка бир ири өлкө аралашууга аргасыз болду. “Империялардын мүрзөсү” деп атыккан өлкө - Ооганстандагы аягы көрүнбөгөн кармашка 2001-жылдын соңунан бери АКШ жетектеген Батыш коалициясы аралашып келет.

Мындан жети жыл мурда талиптердин режимин кулатып, “ал-Кайиданы” өлкөдөн чыгаруу үчүн Ооганстанга кирген америкалык күчтөрдү эми бир катар карапайым оогандар куткаруучу эмес, басып алуучулар катары карашууда. Бирок советтик жоокерлер менен америкалык күчтөр ортосунда кандай айырма бар? Эски советтик сабактар АКШ үчүн омоктуубу?

Мурдагы Советтер Биримдигинин Ооганстанга кирип келиши көпчүлүк оогандардын ээсинде дале сакталуу. 35 жаштагы Абдул Башир балалык чагындага бомбалардын жарылуусун унутпайт. 26 жыл мурда ал жашаган Али Мардан кыштагынын 70ке чукул тургуну, алардын ичинде анын үй-бүлө мүчөлөрү да согушта набыт болгон:

- Мен 9 жашта болчумун. Эртең менен эжемди күйөөгө узатып, той болуп атканда төрт тик учак менин үйүмдү бомбалады. Өзүңөр көргөндөй, ал каргашалуу күнү мен бир көзүмдү жана тиштеримди жоготтум. Менин агам жараат алды. Менин эжем, атам жана тайэжем алган жарааттарынан абдан азап чегишти. Бул 26 жыл мурда болгон окуя, бирок мен ал күндү эч качан унута албайм.

Өткөн жылы НАТОнун аба күчтөрүнөн болжол менен 2 миң ооган набыт болгон. Жакында эле жүргүзүлгөн сурамжылоодо Батыш күчтөрүнүн аракеттерин ооган калкынын 37 пайыздайы гана колдоору аныкталган.

Ошол эле учурда советтик жоокерлер менен америкалык аскер күчтөрүнүн Ооганстандагы өнөктүгүнүн ортосунда бир топ айырмачылык бар.

Али Ахмад Жалали – ооганстандык полковник. Ал 2003-жылдан 2005-жылга чейин ички иштер министри болуп иштеген. Жалали мырза “Азаттыкка” берген маегинде советтик жана америкалык аскер өнөктүктүн окшоштугу - “согушкерлерге каршы аракет” деген пикирин билдирди. Бирок Жалали мырзанын баамында, эки өлкөнүн өнөктүгүнүн максаты, саясаты, стратегиясы жана колдонгон күчүндө айырма асман менен жердей.

- Советтик жоокерлер Ооганстанга кирип келгенде бул өлкөдө эл ансыз да баркы кеткен режим менен күрөш жүргүзүп жаткан. Ошондуктан советтик күчтөр калк арасында колдоого алынбаган коммунисттик режимди колдоо үчүн киришкен. 2001-жылы эл аралык күчтөр Ооганстанга баркы кеткен талиптердин режимин жок кылуу үчүн кирген. Советтик күчтөр киргенде миллиондогон оогандар өлкөдөн чыгып кетүүгө жана башка өлкөлөргө качууга мажбур болгон. Америкалык күчтөр Ооганстанга киргенден кийин миллиондогон оогандар үйлөрүнө кайтып келди.

Пакистандык жазуучу жана аймак боюнча адис Ахмед Рашид жакында эле жаңы ооган стратегиясын пландаштырып жаткан америкалык аткаминерлер менен жолугушкан.

Ахмед Рашид 1979-жылы декабрдын соңунда Кызыл армиянын танктары Кандагарга кирип барганда ошол жерде болчу. Рашид ооганстандык коммунисттик аткаминерлер менен да, мужахед согушкерлер менен да байланыш түзө алган азганактай журналисттердин бири.

Рашид мырзанын ырасташынча, Советтер Биримдиги Ооганстанга калк үчүн чоочун идеологияны орнотуу үчүн кирип келген.

Советтик армия Ооганстанга 1979-жылы 24-декабрда кирип келген. Он жыл бою советтик жоокерлер Батыш, Араб өлкөлөрү жана Пакистан тарабынан каржыланган бир нече ооганстандык исламчыл топтор, алардын арасында - эскичил көз караштагы исламчылар менен кармашкан.

Женева келишимине кол коюлгандан кийин советтик жоокерлер 1988-жылдын 15-майынан тартып Ооганстандан чыгарыла баштаган. Акыркы советтик жоокер 1989-жылы 15-февралда бул өлкөдөн чыгып кеткен.

10 жылга созулган согушта бир-бир жарым миллиондой ооган набыт болуп, бир миллиондон ашууну жараат алган.

1989-жылы, согуш аяктагандан кийин Советтер Союзунун Жогорку Кеңешинин жаңы шайланган курамынын алгачкы отурумунда сүйлөгөн сөзүндө айтылуу укук коргоочу, диссидент академик Андрей Сахаров бул согушту сынга алган:

- Бул кылмыш бир миллион оогандын өмүрүн алып кетти. Кыргынчыл согуш бүткүл улутка каршы жүргүзүлдү. Бир миллион адам набыт болду. Бул согуш биз үчүн чоң күнөө болуп калды.

Советтик жоокерлер чыгып кеткен соң, АКШ жана анын өнөктөштөрүнүн Ооганстанга кызыгуусу калбай калган жана согуштан кийин талкаланган өлкөнү калыбына келтирүү үчүн алгылыктуу иш деле жасашкан жок. Мына ушул жагдай атуулдук согуштун андан ары кулач жайышына жол ачкан.

2001-жылы 11-сентябрда Нью-Йорк жана Вашингтонго жасалган террордук чабуулдардан улам АКШ Ооганстанга кирип барып, «ал-Кайидачылардын» уюгу жана ооруктук жардамчысы болгон талиптик режимди ойрон кылууну чечти. Бир ай өтпөй, 7-октябрда америкалык күчтөр талиптерге каршы согуш баштады.

Советтик жоокерлерге салыштырмалуу талиптердин режиминен запкы жеген жергиликтүү калк америкалык күчтөрдү оболу куткаруучулар катары тосуп алган. Бирок жети жылдан кийин да коопсуздукту толук камсыз кылуу убадалары аткарылбай келет.

Азыркы расмий Кабул да, анын Батыштагы колдоочулары да мурдагы коммунисттик лидерлер сыяктуу душманды бир гана куралдуу күч аркылуу жеңүү далалатын жасоо майнапсыз экенин мойнуна алышууда.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG