Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:07

Евробиримдик “Чыгыш өнөктөштүк” долбоорун талкуулоодо


Биримдиктин тышкы саясат боюнча комиссары Бенита Ферреро Валднер
Биримдиктин тышкы саясат боюнча комиссары Бенита Ферреро Валднер

Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлери бүгүн (дүйшөмбүдө) Брюсселде Евробиримдиктин Чыгыштагы кошуналары менен мамилелеринин келечегин талкуулашууда.

19-20-март күндөрүнө белгиленген Евробиримдиктин саммитинде алты өлкө - Украина, Молдова, Грузия, Армения, Азербайжан жана Беларуска “Чыгыш өнөктөштүк” аттуу долбоорго кошулуу сунушталаары күтүлүүдө. Эгерде бул алты өлкө долбоорго кирип калса, анда аларда Евробиримдикке визасыз кирип-чыгуу, Биримдикке мүчө өлкөлөр менен эркин соода жүгүртүү өңдүү мүмкүнчүлүктөр пайда болот, бирок бул сунуш алты өлкөнү Евробиримдикке мүчөлүккө чакыруу дегенди туюнтпайт.

Брюсселде Евробиримдиктин тышкы иштер министрлеринин жолугушуусу алдында журналисттер үчүн өткөн жыйында Биримдиктин тышкы саясат боюнча комиссары Бенита Ферреро Валднер буларды айтты:

- Орусия менен Грузия ортосундагы кыска мөөнөттүү согуш жана кризис, ошондой эле (январдын башындагы) Украина менен Орусиянын газ чатагы биз чыгыштагы коңшуларыбыз менен тыгыз алектенишибиз керектигин саясатыбызда башкы орунга койот.

Бенита Ферреро айым Евробиримдик чыгыштагы пост-советтик коңшуларынын тынчтыкта жашашына жана экономикасынын өнүгүшүнө кызыкдар болгонун кошумчалады.

“Чыгыш өнөктүгү” долбоорунун соңку калыбы 19-20-март күндөрү Евробиримдиктин саммитинде ийисине жеткирилэээри күтүлүүдө. Бирок азыртадан эле маалымдалгандай, долбоорго кирүү сунушу – Биримдикке мүчө болуу сунушу менен байланыштуу эмес.

Эгерде өнөктөштөр өз экономикасын реформалап, демократиялык жараяндарга багыт алса, анда аларга эркин соода жүргүзүү, отун-кубат тармагында кызматташуудан сырткары Евробиримдикке мүчө өлкөлөргө визасыз кирүүгө да жол ачылат.

Маалым болгондой, 2010-жылдан 2013-жылга чейин Евробиримдик долбоорго кирери күтүлүп жаткан алты өлкөгө 600 миллион евро бөлөт. 2007-жылдан 2013-жылга чейин Европанын чыгыш жана түштүгүндөгү кошуналарына 11 миллиард 2 миллион евро ажыратылган.

Бирок бардыгы эле бул долбоорду колдоп чыгышкан жок. Себеби көптөр айыл-чарба тармагындагы атаандаштыктан кооптонуп, чыгыштагы өнөктөштөр менен эркин соода жүргүзүүгө макул эмес. Мындан сырткары визалык чектөөлөрдү алып таштоо маселесинде да бардыгы бир пикирге келишкен жок.

“Чыгыш өнөктөштүк” долбооруна Беларус кошулабы же жокпу – азырынча талаштуу маселе. Расмий Минск демократияны өнүктүрө алган жок деген жүйөө менен Евробиримдикке кирген өлкөлөр аны менен байланышты үзүп коюшкан.

Бирок соңку мезгилдерде Евробиримдик президент Александр Лукашенка бул багытта аракетин көрсөтүп жатканын белгилеп келет. Жада калса Лукашенка 7-майда Прагада Евробиримдиктин чыгыш кошуналары менен бирдикте өткөрүлө турган атайын саммитине чакырылды.

Бирок Евробиримдиктин айрым аткаминерлери көп нерсе Беларус президентинин Орусиянын кысымы астында Абхазия менен Түштүк Осетиянын эгемендүүлүгүн таанып-тааныбарына байланыштуу болорун белгилеп келишет. Лукашенка болсо бул маселе боюнча чечим өзүнө эмес, Беларус парламентине таандык экенине ишаара кылды. Ал эми парламент бул авторитардык режим бийлеген өлкөдө кимди угаары да түшүнүктүү.

XS
SM
MD
LG