Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:24

Орус чиркөөсүнүн дымагы


Патриарх Кирилл жана Орусиянын президенти Дмитрий Медведев
Патриарх Кирилл жана Орусиянын президенти Дмитрий Медведев

Орусиянын православ чиркөөсү жаңы патриарх Кириллдин жетеги алдында өзүнүн жаңы миссиясын баштаганы айтылууда. Адистердин баамында, бул миссия патриарх Кириллди Москвадан тартып басымдуу бөлүгүн мусулмандар түзгөн мурдагы советтер курамына кирген өлкөлөргө чейин жайылган “геосаясий” долбоордун тирөөчү кылмакчы. Орус чиркөөсү ордунан козголуп, чабытын кеңейте баштадыбы?

Москвадагы диний төбөлдөрдүн соңку билдирүүлөрүн Борбор Азия менен Украинанын басма сөздөрү байма-бай жазып, Москва чиркөөсү колу жеткен аймактарда өз таасирин күчөтүү аракетин баштаганын айтышууда.

Маселен, Орусиялык белгилүү миссионер Данил Сысоев жакында эле диний жетекчиликти Кыргызстанда ортодоксалдык базаларды ачуу керектигине ынандырды. Сысоев Москвада өткөн форумда сүйлөп жатып, чиркөө Бишкектеги жогорку окуу жайларда теология факультеттерин ачып, Кыргызстанды бардык Борбор Азия мамлекеттери, Ооганстан, Тибет жана Кытайга карата база катары колдонууну сунуштады.

Анын божомолунда, Борбор Азиядагы аракеттерден жакшы жыйынтык чыгышы мүмкүн. “1992-жылдардан кийин Борбор Азия жарым миллионго жакын протестанттардын уясына айланган. Католик миссионерлери Кыргызстанда бир канча жыл жакшы иштешкен”,- деди Данил Сысоев.

Ош университетинин Теология факультетинин деканы Бакыт Мурзубраимов “Азаттыкктын” суроолоруна жооп берип жатып, Сысоевдин ойлорун Борбор Азияда ишке ашпай турган болбогон кеп катары баалады. Бирок адистердин баамында, 1-февралда жаңы эле кызматына киришкен патриарх Кирилл, Кремлдин колдоосу менен орус чиркөөсүнүн саясий миссиясын күчтөндүрүүгө бет алгандай.

Ошондой эле Орусияда ортодоксалдык маданият тууралуу курстарды мектептерге киргизүү тууралуу сунуштардын тегерегинде талаш-тартыштар жүрүп келет. Жакында эле мамлекеттик думанын депутаты Любовь Слиска да чиркөөнүн бул сунушун колдогон сөз сүйлөп жиберип, кыйла сынга кабылган.

Казан шаарындагы Ислам университетинин ректору Рафик Мухамметшиндин айтымында, көп улуттар жана түрдүү ишенимдеги адамдар жашаган Орусияда секулярдык эрежелерди бузуу жакшылыкка алып келбейт:

- Слисканын сөзүндө жаңы эч нерсе деле жок. Бирок конституциянын гаранты болуп саналган өкмөттүн же парламенттин өкүлүнүн ошол эле конституцияны бузууга чакырык таштаганын такыр түшүнүп болбойт. Биз динден тыш мамлекетте жашайбыз.

Патриарх Кирилл кайсы бир өз сөзүндө орус чиркөөсү Константинополь чиркөөсү баш болгон бардык башка ортодоксалдык чиркөөлөр арасында биринчи орунда турушу керектигин айтканы бар.

Орус чиркөөсүнүн Борбор Азияга багытталган максаты анча ынанымдуу көрүнбөгөнү менен Украина үчүн күрөш чындап күчөдү. Башынан эле Украина Константинополдогу чиркөөгө баш ийип келген. Көптөн бери Орусиянын Киевдеги чиркөөнү башкарууга жасаган аракетине карабай ортодоксалдык дүйнө ар дайым Украина, Беларус, Молдова жана Балтия чиркөөлөрү Москвага баш ийбей турганын билдирип келген.

Буга карабастан азыркы тапта Украина үч чиркөөгө бөлүнүп кетти. Алардын бири Москвага ыктап турат. Орусияда ошондой эле орус чиркөөсү - 1 миллиард католиктерди карап турган Ватикан сыяктуу эле күчтүү болушу керектигин, жаңы патриарх Кириллдин бардык ортодокс чиркөөлөрдү бириктирип, ал гана эмес Константинополь патриархы Варфоломейди алмаштырып, ортодокс дүйнөсүнүн лидери болууга чамасы жетерин айткандардын саны өсүүдө.

Бирок Москва чиркөөсүнүн аңды-дөңдү карабаган мындай дымактуу жүрүшүнүн соңу ийгиликтүү аяктарынан күмөн санагандар да көп. Бремен университетинин Чыгыш Европа боюнча адиси Николай Митрочин мындай дейт:

- Биз Кириллден чиркөөнүн көбүрөөк каражатка муктаждыгы тууралуу орус өкмөтүнө багытталган олуттуу кайрылуусун күтсөк болот. Ошондой эле чиркөөдөгү иерархияны тазалоо жүрүшү мүмкүн. Кирилл этникалык орустар менен Орусиянын кызыкчылыгын көздөп жаткандыктан башка чиркөөлөр да бир аз түшүнүү менен мамиле кылышы ыктымал.

XS
SM
MD
LG